Башкы беткеПрезидентБишкекте Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү

Бишкекте Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү

Бишкек шаарында белгилүү коомдук ишмер, агартуучу, илимпоз-педагог Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу аземине мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маркумдун замандаштары жана жакындары катышты.

Иш-чарада мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтышы кыргыз эли, анын ичинде илим жана агартуу тармактары үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.

Анын айтымында, Роза Айтматова агартуучу жана окумуштуу катары көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоого жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон.

«Роза Айтматова, ириде, көрүнүктүү коомдук ишмер катары, кыргыз элине эне катары Каныкейдей, Курманжандай өрнөк көрсөтүүнүн жолун, салтын көрсөтүп кеткендиги менен улуу болду. Бул кишинин кайгысы, кубанычы — кыргыз элинин кайгысы, кыргыз элинин кубанычы. Аны Роза Айтматова жазып кеткен китептерден жакшы түшүнөбүз жана билебиз. Роза Айтматова кыргызга кызмат кылуунун, абийирдүүлүктүн, инсандык кайраттын жана кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөттү», — деди Арслан Койчиев.

Мамлекеттик катчы маркумдун жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеп, анын жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

Роза Айтматова — Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмери, илимпоз-педагог, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы. Ал 26-октябрда 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар