Башкы беткеМаданиятXIV республикалык театр фестивалы башталат

XIV республикалык театр фестивалы башталат

Бүгүн саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалынын ачылыш аземи өтөт.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине да арналат.

26–30-октябрь күндөрү өтө турган фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, көрүүчүлөргө өздөрүнүн мыкты спектаклдерин тартуулашат.

Фестивалдын программасында театралдык жүрүштөр, концерттик иш-чаралар жана актерлор үчүн кесиптик мастер-класстар каралган. Бул иш-чаралар театр искусствосунун бай тарыхын даңазалоого, улуттук маданий мурасты сактоого жана ата мекендик театр өнөрүнүн өнүгүшүнө багытталган.

Фестивалдын бардык спектаклдерине кирүү акысыз.

XIV республикалык театр фестивалы кыргыз профессионал театрынын кылымдык тарыхын белгилөө менен катар, улуттук сахна искусствосунун жетишкендиктерин көрсөтүүгө, чыгармачыл байланыштарды бекемдөөгө жана көрүүчүлөрдүн театрга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар