Башкы беткеМинистрлер кабинети"Өкмөттүк акселераторлор": Эки реформаны жыйынтыктап, эки жаңы реформаны баштады

“Өкмөттүк акселераторлор”: Эки реформаны жыйынтыктап, эки жаңы реформаны баштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн аппараттык жыйында 100 күндүк «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгы чыгарылып, дагы эки жаңы реформаны ишке ашырууга расмий старт берилди.

Реформалар жарандар жана ишкерлер үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана мамлекеттик башкаруу процесстерин санариптештирүүгө багытталган.

Эки реформанын жыйынтыгы чыгарылды

2026-жылдын 29-июнунда башталган реформалардын бири багуучусунан айрылган учурда пенсия жана жөлөкпул алуу үчүн окугандыгы тууралуу маалымкаттарды кайра тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Буга чейин 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер окуу жайынан кагаз түрүндөгү маалымкат алып, аны тиешелүү мамлекеттик органдарга жеке барып тапшырууга милдеттүү болушкан. Жаңы механизмдин алкагында зарыл маалыматтар жарандын жеке идентификациялык номери (ЖИН) аркылуу мамлекеттик маалыматтык системалардан электрондук түрдө текшерилет. Текшерүү 1–2 мүнөттө жүргүзүлүп, кагаз документтерди чогултуу жана мамлекеттик мекемелерге баруу зарылдыгы жоюлду.

Реформа болжол менен 18 500 адамды камтып, жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө, бюрократиялык түйшүктү азайтууга жана социалдык төлөмдөрдүн өз убагында узартылышына шарт түздү.

Экинчи реформа насыя толук төлөнгөндөн кийин кыймылсыз мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталды.

«Түндүк» тиркемеси аркылуу ишке ашырылган электрондук механизмдин жардамы менен арыз берүү, банктын ырастоосу жана тиешелүү мамлекеттик органда каттоо процесстери санариптик форматка өткөрүлдү. Натыйжада, мурда 1–2 жумуш күнүн талап кылган жол-жобонун мөөнөтү 5 жумуш саатына чейин кыскарды. Бул жарандарга үйүнөн чыкпай туруп эле мүлккө коюлган чектөөнү алып салууга мүмкүнчүлүк берет.

Акциздик маркаларды берүү процесси санариптештирилет

Жыйында башталган жаңы реформалардын бири акциздик маркаларды алуу үчүн арыздарды берүү жана алар боюнча чечим кабыл алуу процессин санариптештирүүгө багытталган.

Учурда ишкерлер тиешелүү документтерди тапшыруу үчүн салык органдарына үч-төрт жолу барып, 3–5 жумуш күнүн күтүүгө аргасыз. Өлкө боюнча ай сайын болжол менен 1200 арыз берилет.

Реформанын алкагында арыздарды «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» аркылуу берүү, документтерди текшерүүнү автоматташтыруу жана Мамлекеттик салык кызматынын, «Учкун» ААКсынын жана «Абанк» ААКсынын ортосунда электрондук маалымат алмашууну уюштуруу пландалууда.

Бул чаралардын натыйжасында арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3–5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу көздөлүүдө. Ишкерлер чечимдерди электрондук форматта алып, салык органдарына кайра-кайра баруу зарылдыгынан арылышат.

Экспорттук көзөмөл боюнча уруксат берүү жол-жоболору жакшыртылат

Экинчи жаңы реформа экспорттук көзөмөл чөйрөсүндө эксперттик корутундуларды даярдоо жана уруксат берүү процессин өркүндөтүүгө багытталган.

Учурда тиешелүү документтер негизинен кагаз түрүндө даярдалып, эксперттик кароо 10 жумуш күнүнө чейин, ал эми уруксат берүүчү документтерди даярдоо 14 жумуш күнүнө чейин созулат. Ишкерлер бир эле документтерди ар кайсы мамлекеттик органдарга кайталап тапшырууга аргасыз болушат.

Реформанын алкагында «Бирдиктүү терезе» системасы аркылуу товарларды идентификациялоо жана уруксат берүү процесстерин автоматташтыруучу бирдиктүү электрондук системаны иштеп чыгуу пландалууда. Ал арыздарды кабыл алуудан тартып эксперттик баалоого, ведомстволор аралык маалымат алмашууга жана уруксат документтерин берүүгө чейинки этаптарды камтыйт.

Натыйжада, эксперттик кароо мөөнөтүн 10 жумуш күнүнөн 5 жумуш күнүнө чейин, ал эми уруксат документтерин даярдоо жана берүү мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу каралган.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу — башкы максат

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан реформалар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жарандар жана бизнес үчүн жеткиликтүү, ыкчам жана ыңгайлуу кылууга багытталган.

Жаңы санариптик чечимдер убакытты жана каражатты үнөмдөөгө, ашыкча бюрократияны кыскартууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Башкы жаңылыкты кыскараак жазАталышты кыска жана таасирдүү кыл

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар