Башкы беткеКоомБаткенде 4 миңден ашык батирлүү ипотекалык турак үйлөр курулууда

Баткенде 4 миңден ашык батирлүү ипотекалык турак үйлөр курулууда

Баткен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан 4 миңден ашык батирге эсептелген үч көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Долбоордун алкагында болочок тургундарды ичүүчү суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тиешелүү инфраструктура да курулууда.

МИКтин өкүлү Акылбек Орозовдун маалыматына ылайык, 4 гектарга жакын аянтта суткасына 8 миң кубометр саркынды сууну тазалоого жөндөмдүү курулмалар салынууда.

Ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо максатында 2 гектар аянтта көлөмү 12 миң кубометр болгон резервуар курулуп, анын жанында төрт скважина казылууда. Бул объекттерди жакынкы аралыкта пайдаланууга берүү пландалган.

Мындан тышкары, жаңы турак жайларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 35 мегаватт болгон көмөк чордонун куруу каралган. Долбоордун баасы 228 миллион сомду түзөт.

Компаниянын маалыматына караганда, Баткен шаарында МИК аркылуу турак жай алууга кезекте 3,5 миңге жакын адам турат. Курулуш иштери аяктоого жакындаган сайын турак жай алууга кызыккандардын саны да өсүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өлкө боюнча 9 миң 371 батир пайдаланууга берилген. Учурда компания Кыргызстандын аймактарында жана Бишкек шаарында жайгашкан 65 объектте 83 миңден ашык батирдин курулушун жүргүзүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар