Башкы беткеКоомБактияр Шаматовдун чыгармаларындагы доордун образы

Бактияр Шаматовдун чыгармаларындагы доордун образы

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында Бактияр Шаматовдун “Мен сага ыраазымын, Кетмен дос” жана “Дөңгөлөк жылдар” чыгармаларындагы жаратман каармандар жана доор алмашкан мезгилдеги кыргыз элинин башынан өткөн кыйын кезеңдер тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.

 

Оболу, “Мен сага ыраазымын, Кетмен дос” китеби тууралуу. Өткөн жумада Күнтуу айылындагы “Билимкананын” имаратында аталган китептин бет ачар аземи болду. Китепте Чоң-Кеминдин коюнундагы жылдыз менен күн түнөгөн Калмак-Ашуу айылынын тургуну, маңдай тер, ак эмгеги менен элге кадыры сиңген, биринен бири озгон мыкты уулдарды тарбиялап өстүргөн өрнөктүү ата, карапайым кыргыз айылында алгачкы жолу туризм багытын колго алып, атагы алыска тарап турган “Ашуу” конок үйүн ачкан Абдынасип аксакалдын өмүр таржымалы, эл үчүн жасаган эмгектери туурасында баяндалат.

Китептин бет ачарына Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, Абдынасип Тойчубаевдин замандаштары жана жакындары катышты. Иш чарада Абдынасип Тойчубаевдин басып өткөн жолу, адамдык сапаттары жана коомго сиңирген эмгеги тууралуу сөз болду. Адаттагыдай эле, шилекей чачыраткан жылуу сөздөр айтылды. Сөз сүйлөгөндөр биринен бири өтүп, Апин абанын (айылдаштары, замандаштары Абдынасип Тойчубаевге Апин деп кайрылышат экен) даңазасын арттырган сөздөрүн айтып калганга аракет кылышты. Канчалык аракет кылбасын, эч кимиси жазуучу Бактияр Шаматовдой айта алышкан жок.

Ата тууралуу айтуу да, аны кагазга түшүрүп жазуу да кыйын. Кыйындыгы ушул, ата тууралуу айтып жатып дайыма чаташтырабыз. Бир эле мисал. Кыргызда “Атадан кем уул, атага тең уул жана атадан артык уул” деген кеп бар. Аталар жана балдар жөнүндө сөз болгондо, негедир ушул учкул сөздү көтөрө чабабыз. Кокус, бирөө жарым кызматка отуруп калса, аны мактагыбыз келгенде “мына атадан артык уул” деп өпкө-жүрөгүн көтөрүп чуркагандар четтен табылат. Баласын көкөлөтө мактап жатып, атасын жерге тебелеп салганыбызды этибар ала бербейбиз. Айтор, мындай осол учурлар арбын. Эмне дебейли, кандай айтпайлы, АТАнын коомдогу статусу кандай болбосун, мейли чабан, мейли жумушчу болбосун, баланын атадан артык болушу кыйын.

“…Дегеле бул жашоодо жакшы адамга жолуккандын өзү чоң оомат, бакыт экен. Бул китептин каарманы Тойчубаев Абдинасип аксакал мына ушундай инсан. Кылым карыткан даанышмандар бул жарыкка келген ар бир пенде өмүрүндө эки даракты – жакшылыктын же жамандыктын дарагын өстүрөт экен, кимисин бапестесе ошонун түшүмүн алат дешет. Абдинасип аба жалаң жакшылыктын багын бапестеди, маңдай тер, адал эмгеги менен кадыр-баркка жетти. Ынтымактуу, бутак шагын кенен жайып шаарга айланган чоң үй-бүлөнүн Атасы катары жетишкендиги – даңкы Кыргызстан гана эмес, КМШ, алыскы чет өлкөлөргө чейин угулган, биринен бири озгон чыгаан уулдарды тарбиялап өстүрдү.

…Жаның Кудайга аманат бул жарыкка келген соң  тагдыр буйруган жашты жашап, урпактарыңдын сый урматына арзыйм десең, анда артыңа татыктуу тукум калтыр дешчү акылман аксакалдар. Өмүрүңдө сага жолуккан ар бир адам мугалим, анткени алардын ар биринен сен кандайдыр даражада сабак, тажрыйба аласың дешчү даанышман карыялар. Абдынасип Тойчубаев мен үчүн ушундай инсан” – деп жазат Бактияр Шаматов “Мен сага ыраазымын, Кетмен дос” китебине жазган баш сөзүндө.

“Аккан арыктан суу агат” дейт, Апин абанын атасы Бөрүев Тойчубай иштин көзүн мыкты билген, оокат чарбага тың адам болгондуктан, 20-кылымдын 30-жылдары совет бийлиги тарабынан ушул жерде уюштурулган биринчи колхозго башкарма болуп дайындалып, чарбаны чейрек кылым жетектептир. Китептин баш каарманынын апасы Кудайберген кызы Кайырса апа он бир бала төрөгөн, алпейим эне болгон экен. Бирок ал кезде азыркыдай төрөт үйү, шарт деген кайда, балдарынын төртөөсү көбү ар кандай оору-сыркоодон чарчап калып, жети бир тууган – эки эркек, беш кыз эле калыптыр.

«Азыр ойлосом апам өмүр бою атама жардамчы, ишенимдүү тирек болгон экен. Колхоздун башкармасында тыным жок да, атам күнү-түнү аттан түшпөй иш үстүндө болсо, үй тиричилигинин түмөн түйшүгү апамдын мойнунда эле. Канткен менен башкарманын аялы болгондуктан, апама сын көз менен карагандар, баскан турганына, кийген кийимине чейин байкоо салгандар көп болсо керек. Бирок апам бир да жолу артынан жаман сөз ээрчиткен эмес, элдин баарына улуу кичүү, мансабы бар же жок деп ылгабай, тегиз жылуу жумшак мамиле кылгандыктан, айылда баркы чоң эле. Тиричиликке абдан тың, колу да эптүү аял эле. Ал кезде азыркыдай тандап дүкөндөн кийим сатып алуу дегенди билчү эмеспиз, баарын апам колго эле тигип берчү. Адамкерчилиги өтө бийик, бирөөгө жамандык ойлобогон, колунан келсе жакшылык гана кылсам деп турчу жан эле. Атам башкарма болгон соң үйгө райондон, тияк бияктан келген коноктор үзүлчү эмес, апам аларды кайсы убакта келбесин дайыма жакшылап тосуп, болгон тамагын жасап берип, чын пейилинен ыраазы кылып узатчу. Мен эч качан бирөөлөрдөн апам туурасында жаман сөз уккан эмесмин” – деп эскерет Апин аба. Жазуучунун чеберчилигин караңыз, бир эле учурда, баланын энеге болгон таза сүйүүсүн жана бала өстүрүп, мээриминен балдарынын бактысы жаралган эненин образын эң чеберчилик менен ача алган.

“Кетмен досто” 1968-жылы Абдынасип Тойчубаев ата –энесинин, таежелеринин кеңеши менен кошуна Тар-Суу айылынын кызы Алиева Ража менен баш кошкону ачык эле жазылып, жубайлар төрт уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөнү, чогуу жашап келаткандарына быйыл 57 жыл болгону айтылат. Ортолорунда жалындаган ысык сүйүү болгон деп көбүртүп-жабыртып жазып отурбайт автор. «Төркүнүм кошуна айыл Тар-Суудан. Ушул айылга турмушка чыктым. Бизди ата-энелерибиз эле табыштырып үйлөндүрүшкөн. Атам эрте каза болуп калып, апам 36 жашында жесир калды. Апиндин таене таятасы бизге кошуна эле. Ал кишилердин көзү өтүп кеткенден кийин таежелери калды. Эркек балдары согушка кетип жок болгон да. Эки жагымда эки таежеси бар эле, ошо кишилер мени «бойго жетти, тарбиясы жакшы, тың кыз» деп мактай беришчү экен буларга”, – деп эскерет баш каармандын жубайы Ража апа да. Көрсө, сүйүүсү жок деле үй-бүлө куруп, бактылуу жашап, бактылуу жашоосун чыныгы чоң сүйүүгө айлантса болот тура.

“Ата-эненин сыймыгы – балдары” деген бөлүмдө: “Абдынасип Тойчубаевдин 4 уулу 1 кызы бар, алардын баары турмуштан өз жолун таап кетишкен. Апин байкенин уулдары анын эл караган бетин жер каратышкан жок. Апин аксакал менен байбичеси Ража апа тагдырга ошон үчүн чексиз ыраазы. Уулдарын Апин аба бала кезинен эле эч качан тигини кылгыла, муну кылгыла деп мажбурлап, тескеп кубалаган эмес, кенедей кездеринен тириликтин баарына өзүлөрү эле көнүштү, бири трактор айдап, бири суу сугарып, бири картошка жыйнап, бала кезинен эле эмгекчил болуп чоңоюшту” – деп кыска эле мүнөздөмө берилип, андан ары Апин абанын балдары тууралуу сөз болот.

Китепте Апин абанын эмгекчилдиги, өз тагдырын өз колу менен жаратмандыгы тууралуу да эң сонун айтылган. Биз аны майда-чүйдөсүнө чейин айтып отурууну туура көргөн жокпуз. Апин аба тууралуу кыскача айтсак, ал жакшы атанын уулу, биринен бири кыйын балдарды тарбиялап өстүргөн ата, ишенимдүү жолдош, камкор жубай деп айта алабыз. Анан да ал эмгекти урматтаган, колу тийген жерди гүлдөткөн, жерге жан салган жаратман адам. Апин абанын жана анын сүйүктүү жубайынын эң башкы жаратмандык касиети – балдары. Апин абанын балдарындай уулдар ар бир үй-бүлөдө, ар бир ата-энеде болсо гана, атаганат.

Жашоо улуу сапар. Бул жолдо ар бир инсан өз изин калтырат. Кээ бири байлыктын, атак-даңктын артынан кууп өмүр өткөрсө, кээ бири маңдай тери, адал эмгеги, адамгерчилиги жана артында калтырган жакшы сапаттары менен эл эсинде түбөлүккө калат. Чоң-Кеминдин кооз койнундагы Калмак-Ашуу айылында түптөлүп, согуштун оор жылдарында тарбия көргөн Абдынасип Тойчубаевдин (Апин абанын) тагдыры — токсонунчу жылдардын бороон-чачынын, совет доорунун жана эгемендүүлүктүн сыноолорун сый менен жеңген нарктуу кыргыздын өмүр баяны.

Атасы Тойчубайдын каармандыгы менен адилеттигин, апасы Кайырсанын колунан көөр төгүлгөн чеберчилигин жана мээримин улап келе жаткан Апин аба — бүгүнкү күндүн чыныгы аксакалы. Заман канчалык өзгөрүп, турмуш ар кандай бурулуштарга барганы менен, ал эч качан өзүнүн карапайым мүнөзүн, түз жүргөн калыбын жоготкон жок. Бийликке умтулбай, кошоматка бармак басып берилбей, жалаң өз күчү, мээнети менен жашап, балдарын элге таанылткан намыстуу атанын образы ар бир окурманды ойлонтурбай койбойт.

Бул китеп жөн гана бир үй-бүлөнү мактап жана даңазалоо эмес, ата-бабадан калган салтты ардактай билүү, тууган жердин кадырына жетүү, карапайым эмгектин баркын түшүнүү сабагы. Апин абанын өмүр жолу жаш муундарга: “Адамдын бактысы — байлыкта эмес, абийирдин тазалыгында жана артында калтырган жакшы атта” деген чоң чындыкты эскертип турат.

Китептин бет ачарынан соң, келген меймандар жана акын-жазуучулар TOLON MUSEUM заманбап искусство музейин кыдырып, музейдин ишмердүүлүгү жана экспозициялары менен тааныштык. Бул музейдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — совет доорунан калган жабдуулардын сакталып турушу. Өткөн доордун изин чагылдырган бул буюмдар музейдин мейкиндигине өзгөчө маанай тартуулап, тарых менен заманбап искусствонун өз ара байланышын көрсөтүп турат.

TOLON MUSEUM 2011-жылы ишкер, маданиятты баалоочу Төлөндү Тойчубаев жана маданият таануучу Гамал Бөкөнбаевдин демилгеси менен негизделген. Музейдин негизги максаты — заманбап искусствону өнүктүрүү, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоо жана жаңы көркөм чыгармалардын жаралышына шарт түзүү.

Музей менен таанышуу учурунда акын-жазуучулар заманбап искусствонун багыттары, көргөзмөлөрү жана чыгармачыл долбоорлору тууралуу маалымат алышты. Адабият менен көркөм өнөрдүн өкүлдөрүн бириктирген бул маданий жолугушуу чыгармачылык байланыштарды чыңдоого жана пикир алмашууга өбөлгө түзгөнү менен баалуу болду.

Китептин Жаратман баш каарманы тууралуу айтып жатып, жазуучунун өзү тууралуу айтпай кетсек осол болуп калаар. Китептин автору Бактияр Шаматов учур адабиятындагы күчтүү калемгерлерибиздин бири. Арийне, айрымдар эки ыр-пыр жаза коюп Эл акыны болуп, тырмак алды чыгармасы менен Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты алып жаткан заманда, Бактияр Шаматов Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө да өтө элек. Сынчы-адабиятчыларыбыз да анын чыгармачылыгына кайрылып, калыс сынын бергенин да көрө элекпиз. Ошого карабай, ал кара сөздүн дыйканы катары өзүнө гана мүнөздүү эмгекчилдиги менен оң колу менен кара сөзүн жазса, сол колу менен котормочулук ишин узанып, талбай эмгектенип келет. «Дөңгөлөк жылдар», «Сахалин сапары», «Кумдуу чөлдөгү бейиш же Арабстан таасирлери», «Бронхиалдык астмадан кантип айыктым», «Меккелик кыргыз», «Соотечественники за рубежом» (авторлош), «Абдырахман балбан», «Лейлек балбандары» (Энциклопедия), «Намыстуу балбан Орозбай», «Жоокер акын Эргеш Рысов», «Жүрөктөгү жаз», айтылуу күрөш чебери, атактуу Тапанча палбан (Ибрагим Узаков), Лейлек элине эмгеги сиңген, эл урматтаган инсан Ниймат Жээналиев («Эл уулу») жөнүндөгү даректүү китептердин автору. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин эки томдук «Көчмөн Жаратман» китебинин түзүүчүсү.

Адабий котормо жаатындагы эмгектери тууралуу айтсак, буга чейин экс премьер-министр Т. Чыңгышевдин «Адамдар. Жылдар. Окуялар» китебин, Джек Лондондун «Мартин Иден» романын, М.Веллердин «Легенды Невского проспека» повестин, М. Булгаковдун «Собачее сердце» романын, Абай Кунанбаевдин «Накыл сөздөрүн» кыргыз тилине, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Нуралы Капаровдун («Кардагы из»), Эл жазуучусу Топчүгүл Шайдуллаеванын, жазуучу Мамат Сабыровдун ж.б. аңгемелер жыйнагын, Бексултан Жакиевдин «Азамат Алтай» эссесин, Салижан Жигитовдун публицистикалык макалаларын («Ч. Айтматов адабият майданына алгачкы жолу келгенде»), белгилүү адабиятчы Папан Дүйшөнбаевдин («Айтматов эмне үчүн  Нобел сыйлыгын албай калган?») ж.б. чыгармаларын орус тилине которгон.

Партиялык-советтик кызматкер, 30-жылдардын аягында репрессияга дуушар болгон акын Абдыраим Шаматов (эл ичинде Абдыраим Шама дешет) – Бактияр Шаматовдун чоң абасы. Учурда Бакебиз абасынын 3-чү китебин, дүйнөлүк адабият классиктеринин кыргыз тилине өзү которгон чыгармаларын басмага даярдоодо.

Кесиби орус тили жана адабияты мугалими болгонго, кыргыз жана орус тилдеринде бирдей жазат. Эмгек жолун партиянын Лейлек райкомунда баштап, Эл депутаттарынын Лейлек райондук аткаруу комитетинде, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында жооптуу кызматтарда иштеген. Журналистика тармагында 1987-жылдан бери эмгектенип келет. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1993-жылы Бишкек шаарына көчүп келип, баштагы парткызматкер 2000-жылдарга чейин Кыргыз темир жолунун алыскы каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде (Бишкек-Москва, Бишкек-Екатеринбург, Бишкек-Красноярск) узатуучу болуп иштеген. Андан кийин республикалык гезиттерде иштеп, кабарчылыктан тарта баш редакторлук кызматка чейинки тепкичтерди басып өткөн.

Мына ушул Кыргыз темир жолунун алыскы каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде (Бишкек-Москва, Бишкек-Екатеринбург, Бишкек-Красноярск) узатуучу болуп иштеген жылдары тууралуу “Дөңгөлөк жылдар” деген көлөмдүү чыгармасын өткөн кылымдын 90-жылдарынан 2000-жылдарына чейинки кыргыз турмушу жана баалуулуктар алмашкан доор жөнүндөгү эң мыкты шедевр деп атасак болот. Бул чыгарма чакан-чакан новеллалар түрмөгүнөн турат.

“Дөңгөлөк жылдар” – замандын дөңгөлөгүндө калган тагдырлар же өткөөл доордун жандуу энциклопедиясы. Автобиографиялык проза жана жол цикли жанрында жазылган новеллалар жөн гана темир жол кызматкеринин эскерүүлөрү же жол күндөлүгү эмес. Бул — Советтер Союзу сыяктуу алып империя кулап, ордуна эч кандай мыйзамы, эрежеси иштебеген «жапайы капитализм» орноп жаткан 1990-жылдардагы каатчылык доордун ачуу чындыгын, адам баласынын жан дүйнөдөгү чарпылуусун чагылдырган терең социалдык-психологиялык проза. 90-жылдардагы каатчылык учурундагы коомдук абалды каармандын ички дүйнөсү аркылуу ачып берет.

Лирикалык каармандын Лейлектен Бишкекке келиши, ал кездеги Фрунзенин (Бишкектин) «акыр-чикир толгон, улкунган-жулкунган бейбаш безери, куту учкан базар шаарга» айланганын көрүшү — бүтүндөй бир муундун кыйраган үмүттөрүнүн символу. Базар экономикасы адамгерчиликти, билимди, дипломду эмес, накта «бетпактыкты», «аферистикти» талап кылып калган мыкаачы заман сүрөттөлөт. Совет мезгилинде соода кылуу, акча табуу же буюм талашуу билимдүү адамдарга анча туура келбеген же кичинекей нерсе катары каралчу. Бирок коом өзгөрүп, базар заманы келгенде ошол интеллигент адам тиричилик кылам деп базарга барат. Бирок ал жердеги соодалашуунун, алдамчылыктын, тарбиясыздыктын жана айлакерликтин курчоосунда өзүн жоготуп коёт. Ал соода кыла албай, кокусунан уялып калганда же ийгиликсиз болгондо элден көзүн ала качып, катуу кейийт. Бул — жөн гана бир адамдын жеңилиши эмес, эски советтик тарбия менен жаңы, катаал рыноктук замандын кагылышуусун көрсөткөн өтө аянычтуу, бирок ошол мезгилдин ачуу чындыгын чагылдырган көрүнүш.

Ошентип “Дөңгөлөк жылдарда” бүтүндөй бир доор, 90-жылдардагы жапайы капитализм, Советтер Союзу кулап, турмуш аңтар-теңтер оодарылгандагы элдин абалы, базар экономикасына өткөндөгү адам-пенденин кара курсак үчүн жан талашуусу («базарга барып соода кылам деп ит болгон» жерлери) абдан жандуу жана ачуу чындык менен жазылган. Чыгарманын баш каарманы – интеллигент кишинин (мурунку кабинет кызматкеринин же мугалимдин) жумушсуз калып, тиричилик айынан подземкада гитара чертип ырдоого мажбур болушу — ошол доордун трагикомизмге толгон социалдык портрети. Чыгарманын эң таасирдүү, ошол эле учурда турмуштун ачуу күлкүсүн келтирген эпизоддорунун бири да ушул. Автордун баш каарманы досунун тили менен филармониянын алдындагы жер төлөгө (подземкага) барып гитара чертип акча табууга мажбур болгон жери. Баш каармандын жан дүйнөсүндө болуп көрбөгөндөй психологиялык ички күрөш жүрөт. Бир жагынан карыялардан калган уят-сыйыт, «ар-намыс», экинчи жагынан үй-бүлөнү багыш керек болгон оор турмуштук катаал реалдуулук.

Оболу ал өнөрдүн күчү менен жан баккысы келет. Арийне, баш каарман тарабынан подземкада ырдалган индия киносунун ырлары, Высоцкийдин обондору, блатной көчө ырлары жана Хорезм лязгиси — бул жөн гана музыка эмес, ошол учурда стресске кабылган коомдун жалпы абалынын музыкалык чагылышы. Өзүнүн интеллектин, билимин керексиз болуп калганын сезген адамдын гитаранын кылдарын канжалатып чертиши тагдырга каршы үнсүз кыйкырыгы.

Автор бизди андан ары темир жолго, темир жол вагонуна апкелет, темир жол вагону — кичирейтилген коом модели. Чыгарманын негизги борбору — «Афганистан» (Жалал-Абад) багытындагы алыскы сапардагы поезд вагондору. Вагон — бул чакан мамлекет, ал жерде советтик системанын калдыктары да, жаңы замандын «эрежесиз салгылашуусу» да толук көрүнөт.

Ошол доорду эң буруу-терүүсүз ачып берүү үчүн, чыгарманын баш каарманынын кесиби эң сонун тандалып алынган. Узатуучулук кесип романтикалуу да жана түйшүктүү, тагыраагы азаптуу да. Поезд вагондорундагы кайнаган турмуш, ар кандай тагдырлар, мигранттар, челноктор — бул автордун көзү менен көрүлгөн жандуу репортаж сыяктуу. Вагондогу тыгындар, жүргүнчүлөрдүн мүнөздөрү автор тарабынан юмор жана философиялык тереңдик менен берилген.

Чыгарманын башталышы эле окурманды ошол мезгилдин катаал реалдуулугуна жетелетет. Кечээ эле советтик туруктуу жашоого көнүп, илимий-кабинеттик же мамлекеттик кызматтарда жүргөн интеллигент адамдар бир күнү эле өз огунда аңтар-теңтер оодарылып, улуттук трагедиянын каарманына айланышат.

Поездге түшүү учурундагы хаос. Бул ошол учурдагы коомдогу хаос. Поезд токтоп-токтобой эле кара таандай каптаган эл, тепкичке жармашкан жүргүнчүлөр, узатуучуларды адам ордуна көрбөгөн доордун агрессиясы — бул 90-жылдардагы калайыктын катуу чарчагандыгынын, жашоо үчүн жан талашкан күрөшүнүн көз ирмемдик сүрөтү.

Новеллалардагы дагы бир табылга – жүргүнчүлөр галереясы. Вагон толо жүк, үчүнчү текче секиге чейин чыгып кеткен адамдар, кызматтык купеге кирип алып чыкпай койгон «ажаан аялдар», ар кандай максат менен жолго чыккан мигранттар — автор алардын баарын эч кандай идеологиялык жасалмасыз, таза турмуштук планда ачып берет.

Бактияр Шаматовдун «Дөңгөлөк жылдардагы» тили — накта жашоодон алынган тил. Жөнөкөй, жатык, диалогдорго бай. Кээ бир жерде орой, өтө орой, осол, турмуш кандай болсо дал ошондой. Антсе да, юмор менен драма тыгыз катышып жатат. Турмуш канчалык оор болбосун, автор аны пессимизмге алдырбай, жеңил ирония, дени сак юмор менен кабыл алат.

Ички монологдор каармандын ойлуу, философ мүнөзүн көрсөтүп турат. Башкалар кыйкырып-бакырып жүргөн жерде, автор бабник-грейдерчи Жармахандын сөздөрүнөн же сталиндик тартиптеги Иткин (Собачкин) мугалимдин сабактарынан катаал турмуштун философиясын таба билет.

Жыйынтыктап айтканда, “Дөңгөлөк жылдар” темир жолчунун күндөлүгү эле эмес, бул өткөөл доордун социалдык рентгени. Автор ошол оор жылдары адамдардын жүзү кантип өзгөргөнүн, тиричилик кайда сүйрөгөнүн, бирок ошого карабастан кыргыз адамынын ички күчү, кайраты, чыдамкайлыгы жана юмор сезими жоголбогонун далилдеп берген мыкты прозалык эмгек.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар