Башкы беткеЭкономикаЧолпонкул Арабаев: "Башмыйзамга таянган улуттук өнүгүү модели"

Чолпонкул Арабаев: “Башмыйзамга таянган улуттук өнүгүү модели”

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн учурдагы өнүгүүсүнө Конституциянын тийгизген таасири баа жеткис. Башмыйзам өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн бекемдөө менен бирге, мамлекеттик түзүлүштүн жана жаңы коомубуздун өнүгүү векторлорун аныктаган негизги саясий-укуктук документ болуп саналат.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү — кылымдардын тереңине, Улуу кыргыз дөөлөтү дооруна жана айкөл «Манас» эпосуна тамыр байлаган улуу тарыхка ээ. Ал эми мамлекетибиздин заманбап өнүгүү этабы 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болуу менен башталган. Ошол учурдан тарта дал ушул Конституция көз карандысыздыктын негиздерин бекемдеп, башкаруу формасын, бийлик бутактарынын балансын аныктаган, эң башкысы — адам укуктары менен эркиндиктерин кепилдеген ишенимдүү саясий-укуктук компаска айланды.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын конституциялык мейкиндиги динамикалуу түрдө өнүгүп келди. Бул жараян дүйнөлүк стандарттарга да, элибиздин улуттук каада-салттарына да шайкеш келе турган мамлекеттик башкаруунун оптималдуу моделин издөө аракетин чагылдырат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы терең институционалдык жана экономикалык трансформациялануу кезеңин баштан кечирүүдө. Бул өзгөрүүлөрдүн пайдубалы 2021-жылдын 11-апрелиндеги жалпы элдик референдумда өлкөнүн азыркы Конституциясы кабыл алынганда түптөлгөн. Ал тарыхый реформа өлкөнүн аралаш (парламенттик-президенттик) моделден таза президенттик башкаруу формасына өтүүсүн шарттады.

Аткаруу бийлигинин мамлекет башчысынын колуна топтолушу мурунку кош бийликти жана жоопкерчиликтин бүдөмүктүгүн жоюуга мүмкүндүк берди. Өкмөт Президенттин жетекчилиги астындагы Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлдү. Акыркы жылдардагы тарыхый тажрыйба мындай катаал бийлик вертикалы мамлекеттик аппараттын ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылгандыгынын айкын далили болуп саналат.

Мунун аркасында мамлекет эң татаал стратегиялык милдеттерди тез арада чече алды. Буга «Кумтөр» алтын кенин мамлекеттин менчигине кайтаруу, уюшкан кылмыштуулукту чектен чыгарбай катаал түрдө басуу, системалык коррупцияны тамырынан бери жоюу жана мурда мыйзамсыз менчиктештирилген активдерди масштабдуу түрдө мамлекетке кайтаруу сыяктуу чечкиндүү кадамдар мисал боло алат.

Мамлекеттүүлүктүн азыркы абалын терең түшүнүү үчүн өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнүн негизги этаптарына назар салуу зарыл. 1993-жылы кабыл алынган эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы суверендүү мамлекеттин укуктук негизин түптөп, демократиялык баалуулуктарга, рынок экономикасына жана адам укуктарын эң жогорку баалуулук катары таанууга жол ачкан.

1990–2010-жылдар аралыгы конституциялык реформалардын, президенттик бийликтин ашыкча күчөшүнүн жана көптөгөн референдумдар аркылуу бийлик бутактарынын балансын издөө мезгили катары мүнөздөлөт. Бул жараяндар терең саясий кризистерге жооп иретинде иштелип чыгып, акыры коомду авторитаризмден коргоо жана бийликти бөлүштүрүү максатында аралаш башкаруу формасына өтүүнү шарттаган.

2021-жылы кабыл алынган аракеттеги Конституция өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн заманбап жаңы этабынын жыйынтыгы болуп калды. Бул кадам коомчулуктун саясий туруксуздукту жеңүү, өлкөдө күчтүү бийлик вертикалын орнотуу жана реформалар үчүн өлкө жетекчилигинин жеке жоопкерчиликти моюнга алуусуна болгон талабынан улам келип чыкты.

Доктриналдык илимий көз караштан алганда, учурдагы Башмыйзам мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүү векторун так белгилеген төрт негизги артыкчылыкты өзүнө камтыйт:

  1. Эгемендүүлүк жана башкаруу формасы: Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы — эгемендүү, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет. Президент мамлекет башчысы катары аткаруу бийлигин да жетектейт. Андыктан өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн негизги жоопкерчилик толугу менен мамлекет башчысына жүктөлөт.
  2. Элдик суверенитет жана Курултай: Башмыйзам мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы эл экендигин айгинелейт. Улуттук каада-салт менен заманбап мамлекеттик башкаруунун ортосундагы коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын катары Элдик Курултай институтунун расмий түзүлүшү жана ага мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугунун берилиши — конституциялык тутумдун уникалдуу элементи болуп саналат. Бул — тикелей демократиянын салттуу институттарын заманбап укуктук алкакка интеграциялоо багытындагы маанилүү кадам. 2021-жылдагы Башмыйзамдын негизги жаңылыктарынын бири дал ушул Элдик Курултайдын укуктук талаага кайтарылышы жана анын ишмердүүлүгүнүн мыйзам менен так жөнгө салынышы болду.

          Учурда өлкөдө Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтө турган V Элдик Курултайга активдүү даярдык көрүлүүдө. Бул тутум боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин позициясы салмактуу бойдон калууда: Курултайга байланышкан жараяндарды жасалма түрдө тездетүүгө болбойт. Жер-жерлерде Курултайдын укуктарын ашыкча кеңейтүү туруксуздукка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына басым жасоо тобокелдиктерин алып келиши мүмкүн. Андыктан бул институттун калыптанышы эволюциялык жол менен жүрүшү зарыл.

  1. Бийлик бутактарынын бөлүнүшү жана балансы: Күчтүү президенттик бийликке карабастан, Башмыйзамда бийликти бөлүштүрүү принциби сакталып, Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу жана контролдоо функциялары калтырылган. Ошондой эле сот тутумунун көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу конституциялык деңгээлде бекемделген.
  2. Адам укуктары жана эркиндиктери: Бул баалуулуктар Конституциянын негизги өзөгүн түзөт. Башмыйзам ар бир жарандын мыйзам жана сот алдындагы теңдигин, сөз эркиндигин, менчик укугун, билим алуу жана медициналык камсыздоо укуктарын толук кепилдейт.

Конституциянын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүдөгү мааниси дагы өтө олуттуу. Анткени, Башмыйзам негиздеп берген саясий туруктуулук түз эле реалдуу экономикалык натыйжаларга айланды. Бул абстракттуу юридикалык нормалар эмес, өнүгүүнүн анык куралына айланганын төмөнкү көрсөткүчтөр далилдейт:

  • Экономикалык туруктуулук: Конституция жеке менчикти коргоону жана ишкердикти колдоону кепилдейт. Бул — инвестиция тартуунун жана туруктуу өсүштүн негизи. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети маалыматтарына ылайык, өлкөнүн экономикасы бир нече жылдан бери эки орундуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1%ды түзүп, көлөмү 1,9 триллион сомдон ашты. 2026-жылдын ичинде бул динамика дагы чыңдалды: биринчи жарым жылдыкта экономика 11,3%га өссө, январь-август айларынын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү 1,396 триллион сомго жетти (жылдык эсепте +11%).
  • Курулуш сектору: Бул өсүштүн башкы локомотиви — курулуш буму болуп, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында рекорддук 69,6%дык өсүштү көрсөттү. Кыргызстан ири инфраструктуралык объекттер (жолдор, ГЭСтер), социалдык жана коммерциялык турак жайлар салынган ири курулуш аянтчасына айланды. Негизги капиталга жумшалган капиталдык инвестициялар 64,3%га өстү.
  • Өнөр жай жана бизнес: Өнөр жай тармагы 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 7%дык өсүшкө ээ болду. Мунун ичинде кайра иштетүү сектору алдыга чыгып, химиялык продукция өндүрүү 2,3 эсеге, мунай өнүмдөрүн тазалоо 1,9 эсеге, ал эми курулуш материалдарын өндүрүү 29,1%га жогорулады. Чакан жана орто бизнес өлкөнүн ИДПсынын 50,9%ын түзүп, соода жүгүртүүсү 1,7 триллион сомдон ашты. Бирок экономикалык активдүүлүк бир калыпта эмес: мындай ишканалардын 73%ы дагы эле Бишкек шаарында топтолгон.

Кыргызстандын экономикалык ийгиликтери эл аралык деңгээлде, өзгөчө Борбордук Азия чөлкөмүндө даана байкалат. БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) божомолуна ылайык, 2026-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан өсүш темпи боюнча (8,8%) Азиядагы абсолюттук лидерлердин катарына кирет.

Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ИДПнын өсүш динамикасы (2026-жылга карата божомол):

  • Кыргызстан: +8,8%дан 11%га чейин (ЕАЭБдеги эң жогорку өсүш темпи)
  • Өзбекстан: +7,9%
  • Тажикстан: +6,6%
  • Казакстан: +4,1%

Албетте, номиналдык көлөмү боюнча Казакстандын (жарым жылда $146 млрд) жана Өзбекстандын ($890 млрд) экономикасы Кыргызстандыкынан ($11 млрд) кыйла чоң. Мисалы, Казакстандын банк тутумунун активдери $140 млрд түзсө, Кыргызстандыкы — $13,9 млрд. Бирок жан башына түшкөн ИДПнын өсүш динамикасы боюнча Кыргызстан чөлкөмдө лидерликке чыгып, акыркы жылдары 85%дан ашык өсүштү көрсөттү жана жан башына түшкөн ИДПны $3 054 деңгээлине жеткирди (планга ылайык, 2030-жылга чейин өлкө $4 500 көрсөткүчүнө чыгууну көздөйт).

  • Социалдык модернизация: «Социалдык мамлекет» макамынын Башмыйзамда бекемделиши бийликти калктын аялуу катмарын колдоого, аймактарды өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга милдеттендирет. Натыйжада, 2026-жылдын күзүндө республикадагы орточо номиналдык эмгек акы 55 миң сомдон ашты. Жарандардын реалдуу кирешесинин өсүшү (инфляцияны эсепке алганда) 15,3% деңгээлинде катталды. Эл аралык бакубаттуулук рейтингинде (Legatum Prosperity Index) Кыргызстан бүгүнкү күндө дүйнөдө 87-орунду ээлеп, Борбордук Азияда Өзбекстандан (94-орун), Тажикстандан (129-орун) жана Түркмөнстандан (150-орун) озуп, Казакстандан кийинки 2-орунду ишенимдүү кармап турат.
  • Рухий-маданий пайдубал: Башмыйзамда тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун, ата-бабалардын каада-салттарын урматтоонун, улуттар аралык ынтымакты жана Кыргызстан элиний биримдигин чыңдоонун маанилүүлүгү так жазылган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн конституциялык негиздери татаал, бирок зарыл болгон эволюциялык жолду басып өткөнүн баса белгилегим келет. Өлкөбүздүн Баш мыйзамы заманбап универсалдуу демократиялык принциптер менен элибиздин уникалдуу улуттук каада-салттарынын ортосундагы тең салмактуулукту чагылдырган учурдун ишенимдүү куралы.

Чолпонкул Арабаев,

академик, юридика илимдеринин доктору, профессор

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар