Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында жакшылык менен жамандык категориялары тууралуу азыноолак кеп кылабыз.
Кыргыз эпикалык мурастарында, оозеки адабиятында, улуттук адабиятында жакшы менен жаман башкы темалардын бири. Кыргыз элинин дүйнө таанымында жакшылык-жамандык дихотомиясы өзөктүү категория. Биринчиден, кыргыз элинде жакшы түшүнүгү – бул жашоо парадигмасы. Умтулган идеалы, көксөгөн тилеги. Жакшылык – улуттун каалоосу. Кыргыз жакшылык каалайт. Жакшылык – өз абалынын реалдуу жана же умтулган образы. Жакшылык – кырдаалды баалоонунун формуласы. Кыргыз өлүм алдында жатса да жаман деген эмес. Сыркоолоп турган же айласы куруп турган учурда “абалың кандай” деген суроого “жакшы, шүгүр” деп жооп кайтарган. “Абалым жаман, оорум күч алды, начармын, ишим оор” деген муңкануу, даттануу сейрек учурда гана өтө тар чөйрөдө айтылган. Жаман экенин айтканда эч качан жардам тиймек эмес. Бул реалдуулукту акылман Токтогул бир сап ыр менен таасын билдирген экен:
“Өлдүм десеӊ ким берет,
Өзүӊ оокат кылбасаӊ”.
Жаман деп жар салганда эмне болмок. Албетте, тууган алыстамак, салакасы тийбесин деген күдүк ой менен сыртын салмак, начарлап турган кишиден не кайыр, кайрылмак эмес. Душман кол салмак, алы кетип, абалы начарлап калыптыр деп. Анткени жакшынын шарапаты, жамандын кесепети. Кыргыз накыл кеби жакшы менен жамандын катышын, жакшы менен жамандын өзгө жана өңгөгө таасирин дал ушундай баалап, кыска туюнткан.
Фольклордо элдин акыл-ою, онтологиялык тажрыйбасы көркөм формада, не бир сонун образдар аркылуу кыска чагылдырылат. Тике жана каймана маанисинде туюнтулат. “Заманачылар” деп аталган, аныгында философиялык поэзиянын же поэтикалык философиянын дейбизби, айтор кыргыз философиясынын поэтикалык үлгүлөрүн жараткан ойчул акындардын казалдарында, санат, насаат ырларында жакшы менен жаман түшүнүктөрү келиштире баяндалган. Жакшы менен жамандын белгилери, сапаттары, мүнөздөмөлөрү табиятта жана турмуштагы түрдүү көрүнүштөр менен ачылып берилген. Кишидеги сапаттар жакшы, кандай сапаттар жаман экени куюлуштура сүрөттөлгөн. Жамандыктын эң көп кездешкен белгилеринин бири – адамдын нравалык баалуктун анабашы абийирге карата мамилеси. Мисалы,
“Уяттын жайын билбеген,
Жамандын жайы кара жер” (Арстанбек. Ырлар жыйнагы. -Б., 1994).
Же болбосо:
“Жаман – малдын кулу,
Жакшы – ардын кулу” деген макал кыргыз коомчулугу үчүн абийир, ар-намыс жогорку нравалык категория, кымбат нерсе болгонун тастыктап турат. Абийир, ар-намыс кыргыз улуттук баалуулуктар системасында жогорку даражага ээ болгондуктан, жакшынын башкы белгилеринин, негизги критерийлеринин бири катары кыска сентенция аркылуу туюнтулуп жатат.
Жакшы менен жаман түшүнүктөрү сөзгө карата да так аныкталган: таасири, эрежеси, наркы, куну, мааниси даана белгиленген. Мисалы, “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет”; “Жакшы тилек – жарым ырыс”. Акын Арстанбек Буйлаш уулу “Керээз” ырында
“Сөзү октой жамандан
Жакын жүрбөй оолакта” же болбосо
“Аркы-терки теминип,
Аргымак атың жоорутпа.
Алабарман сөз сүйлөп,
Азамат көөнүн оорутпа” деген насаатын айтат.
Сөз энергетикага ээ, жакшы сөз элди көтөрмөлөйт, жаман сөз элди басынтат. Жакшы деп айтуу өзүн-өзү шыктандыруу, дем берүү, алсыздыгын билдирбөө аракети. Бөлөк эл-журтка берилген белги. Ушул философия аркылуу гана өзүн бүлөп, курчутуп, өз көӊүлүн өзү көтөрүп, сыртка сырын алдырбай, жаманын жашырып отуруп гана эл-журт эркиндигин сактап келген окшобойбу. Демек “жакшы” түшүнүгү нравалык баалуулук гана эмес, этносту сактап калуу факторлорунун бири. Аз сандуу, кармашкан душманы арбын кыргыз этносунун сакталып калышынын негизги факторлорунун бири – анын жакшы элем, жакшымын, жакшы болом деген идеологемасында, нравалык, философиялык системасында. Байыркы кыргыз менен азыркы кыргыздын ортосунда бери болгондо ат чабым айырма бар. Бирок азыркы кыргыз да жакшылыкка артыкча мамиле кылат:
“Жакшылыкка жамандык, көр кишинин ишидир,
Жамандыкка жамандык, кор кишинин ишидир,
Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир,
Жамандыкка жакшылык, эр кишинин ишидир”.
Кыргыз кырсыктап, колу чыгып, буту сынып калса да оптимисттик маанайда болгон. Ар кандай кырсыкты жаманга жорубайт, жакшылыкка умтулуу менен өзүн жана өңгөлөрдү шыктандырып, дем берет. Ооба, кырсыкты моюнга алат, бирок анын перспективасын позитивдүү чечмелейт – “Кырсык ушу менен чыгып кетсин”, “Эр жигиттин башына не келбейт”. Күнүмдүк турмушта көп кездешкен мисалды эске алалычы. Суука урунуп, жел тийип, айтор сасык тумоолоп калганда көп учурда учук чыгат. Нарк билбеген эмки пенде даттанат, сыркоосун айтат, кантип кыйналып, кандай дарыланганын кеп кылат, учук чыкканын оорунун белгиси катары сыпаттайт. Ал эми көөнө кыргыз “учук чыкканына караганда сасык тумоо кетти, какыс айыктым, жакшы” деп мүнөздөгөн.
Жамандык болбой коёбу. Андай учурларда бири бирине сөзсүз каралашкан. “Жетимге камчы көтөрүп,
Жесирдин отун өчүрбө.
Жалгызга камчы көтөрбө,
Жардынын отун өчүрбө” (Арстанбек. Ырлар жыйнагыв. -Б., 1994).
Айкөл Манас деп адамдагы эң улуу сапат деп айкөлдүктү бийик туткан, киши тургай жандыкка боору ачыган Асан кайгынын философиясын жараткан кыргыз абалы начар, алсыз деп тууганын, журтташын, жолдошун таштамак беле.
Өз ара жардам жашоо үчүн күрөш сыяктуу эле табияттын улуу мыйзамы. Абалы оор, сыркоо, чабал кандашын кыргыз таштаган эмес. Жоо менен кармашта кыргыз баласы үзөӊгүлөшүн кан майданда жалгыз калтырган эмес. Аттан оогон жолдошун учкаштыра кеткен, кокус көз жумса аманатын аткарган. Үзөӊгүлөштүн сөөгүн ай талаага калтырбаган. Кандай да болсо жакындарына тапшырган, сөөк ээси ардактап көмгөн. Бул феномен тууралуу азыркынын мыкты сүрөткери Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик” повестинде келиштире баяндалган.
Кыргыз элинде “адам” нравалык сапатына жараша даана ажыратылат, коомдогу статусу да анын социалдык, мүлктүк, саясий абалы менен бирдей эле адамдын нравалык сапаты менен аныкталат. Мисалы, англис тилинде – “man”, орус тилинде – “человек”, болду бир эле сөз менен берилет, түшүндүлөт. Ал эми кыргыз тилинде адам, киши, пенде, жан, карып, бечара, макулук ж.б. экенин философтор, филологдор айтып келишет (Ж. Бөкөшов, Кыргыз философиясы). Адам онтологиясын кыргызча кайрыгын уланталыбы? Жарайт. Улгайган адамды англисе “old man”, орусча “старик”, “пожилой человек” (“старче” – А.С. Пушкин) дейт. А кыргыз “аксакал”, “карыя”, “абышка”, “чал” ж.б. деп так ажыратат, ар биринин өз орду, градациясы бар.
Жогоруда киши деп биз мисал кылган макалда жакшылыкка жана жамандыкка карата субъекттин мамилесинин аркылуу кишинин өзүнүн сапаты даана айтылган. Демек жакшылык – бул парадигма, жоопкерчилик, озуйпа (миссия), милдет, зарылдык, барчылык, сапат. Адамдык жана коомдук сапат. Коомдук милдет жана озуйпа.
Дал ошондуктан жеке жана коомдук турмушта кыргыз философиясынын уӊгусу – жакшы түшүнүгү – жашообуздун парадигмасы, биздин жүрүм-турумдун негизги эрежеси болмогу абзел.
Кыргызда “Эл эмне дейт” деген түшүнүк бар. Бул көпчүлүк ойлогондой кур намыстын иши эмес. Ал тууралуу кийинки эссебизде ой толгойбуз.
Алмаз Окин “Кыргыз Туусу”



