Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү Данияр Бостонов ММК өкүлдөрүнө билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Boeing корпорациясынын жетекчилиги менен учак жеткирүү маселесин да талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдө АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан каржылоо тартуу, техникалык тейлөө жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери да каралган.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүнөрүн жана мамлекет Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак сатып аларын билдирген.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылдын 27-сентябрынан тартып өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу каттамдарын аткарып келет.



