Башкы беткеКоомБишкек шаарында жылуулук берилди

Бишкек шаарында жылуулук берилди

Бүгүн, 28-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылытуу мезгилине даярдыктын алкагында «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди. Жаңы жабдуулар жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Шаар башчысы 10-кичи райондогу жана «Жал» конушунда жайгашкан «Ротор» отканаларын кыдырып, орнотулган жабдууларды ишке киргизди.

10-кичи райондогу отканага ишкананын өз күчү менен чыгарылган, жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Алардын пайдалуу аракет коэффициенти 93 пайыздан ашат. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да орнотулган. Эки объект жалпысынан 7 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыздайт.

Ал эми «Жал» конушундагы «Ротор» отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны коюлду. Буга чейин колдонулуп келген жабдуулардын пайдалануу мөөнөтү дээрлик 40 жылды түзгөн.

Мындан тышкары, мэр ишкананын 16 объектисинде орнотулган жылуулук насосторун башкаруунун бирдиктүү диспетчердик системасын онлайн режимде ишке киргизди. Система жабдуулардын ишин аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Маалыматка ылайык, жылуулук насосторун колдонуу көмүр менен электр энергиясынын сарпталышын кыскартууга жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Жунушалиев муниципалдык ишкананын кызматкерлерине аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин башкы максатыбыз — Бишкек шаарынын жана анын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн иштөө. Биз шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылышыбыз керек. Кыш мезгилинде жылуулукту сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири», — деди мэр.

Ошондой эле шаар башчысы отканалардын аймактарын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү боюнча тапшырма берди. Ал муниципалдык объектилер таза жана тыкан кармалып, башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар