Башкы беткеКоомКыргызстанда электр энергиясынын лимитин 5тен 7 кВтка чейин көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда электр энергиясынын лимитин 5тен 7 кВтка чейин көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде бир фазалуу электр тармагына туташкан абоненттер үчүн электр энергиясынын уруксат берилген кубаттуулугу 5 кВт бойдон калат. Ошол эле учурда энергетиктер аны 7 кВтка чейин жогорулатууну сунушташты. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурдагы 5 кВттык чектөө электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде жана керектөөчүлөр менен түзүлгөн типтүү келишимдерде белгиленген.

Буланова энергетиктер да уруксат берилген кубаттуулукту жогорулатууну колдоп, тиешелүү сунуш киргизгенин белгиледи. Бирок өзгөртүүлөр кабыл алынмайынча, бир фазалуу туташууда 5 кВттык чектөө күчүндө калат.

Ал эми үч фазалуу электр тармагына туташкан абоненттер үчүн 10 кВт кубаттуулук каралган. Белгиленген лимит жетишсиз болгон керектөөчүлөргө электр коопсуздугунун талаптарын сактоо менен үч фазалуу туташууга өтүү сунушталат.

Электр энергиясы көп керектелген сааттарда кубаттуулукту убактылуу азайтуу маселеси боюнча да азырынча чечим кабыл алына элек. Өткөн жылы жогорку жүктөм учурунда чектөө 3 кВтка чейин төмөндөтүлгөн.

Улуттук электр тармагы ишканасынын маалыматына ылайык, электр энергиясына болгон суроо-талап өсүүдө. 27-октябрда өлкө боюнча электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт·саатка жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга көбөйгөн.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кышка даярдык көрүү боюнча оңдоо иштери аяктаган. Энергетиктер калкты, өзгөчө электр тармагына күч келген маалда, бир учурда көп сандагы кубаттуу электр шаймандарын иштетпөөгө чакырышты.

Ошондой эле Чүй облусунда электр энергиясын эсептөөчү акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери аяктап жатат. Алар энергокомпаниянын эсебинен акысыз орнотулууда.

Электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу маалыматты «Менин жарыгым» тиркемеси аркылуу алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар