Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда машыктыруучулардын айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда машыктыруучулардын айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда спорттук машыктыруучулар менен окутуучулардын айлык акысы үч эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу 28-октябрда «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, мурда машыктыруучулар менен окутуучулар айына 12 миң сомдон алышса, азыр алардын айлыгы 35–40 миң сомго жетти. Методисттердин да эмгек акысы жогорулатылды.

Асанбаев белгилегендей, айлык акыны олуттуу жогорулатуу 2026-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп, ушул жылдын март айында кошумча индексация болгон.

Ошондой эле өлкөдө спорт тармагын каржылоо көбөйүүдө. Эгерде быйыл бул тармакка 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө, 2027-жылга бюджеттен 3 миллиард 104 миллион сом каралган.

Бул каражат эмгек акы төлөөгө гана эмес, ижара чыгымдарына, спортчулардын мелдештерге катышуусуна жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө да жумшалат.

Мындан тышкары, жаңы спорттук объектилерди курууга 400 миллион сом, ал эми улуттук курама командаларды Олимпиада оюндарына даярдоого 580 миллион сомго жакын каражат бөлүү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар