Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайын жаңылоо учурунда имараттын тарыхый көрүнүшү толук сакталат. Бул тууралуу 28-октябрда «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы башталган долбоорду каржылоону Бишкек мэриясы өзүнө алган. Реконструкциянын алкагында имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, сахна комплекси жана көрүүчүлөрдүн отургучтары жаңыланат.
Мындан тышкары, жаңы бассейндер курулуп, футбол, волейбол жана баскетбол сыяктуу командалык спорт түрлөрү үчүн заманбап аянтчалар жабдылат.
Бардык иштерди 2028-жылы аяктоо пландалууда.



