Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында 26-октябрда Тоо экосистемалары күнү белгиленди. Иш-чарага Кыргызстандын делегациясы да катышты.
2026-жылдын 19–30-октябрында өтүп жаткан конференцияга 196 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Катышуучулардын жалпы саны 15 миңге жетери күтүлүүдө.
Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектөөдө.

Тоо экосистемалары күнүнө арналган иш-чаралар БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Тоо өнөктөштүгү тарабынан уюштурулду. Анда тоолордун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, экосистемаларды калыбына келтирүү жана каржылоо булактарын тартуу маселелери талкууланды.
Иш-чарада Динара Кемелова тоо экосистемаларын коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди практикалык чараларга айландыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле катышуучуларды 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
Мындан тышкары, Кыргызстандын тоо күн тартибине байланыштуу бир катар демилгелери, анын ичинде Глобалдык экологиялык фонддун алкагында тоолорго арналган атайын программа түзүү, Бишкекте Глобалдык тоо туруктуулугу борборун ачуу жана Ысык-Көлдү сактоо үчүн БУУнун эгидасы алдында трасттык фонд түзүү сунуштары белгиленди.
Кыргызстандын делегациясы конференциянын башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларына да катышып, тоолуу өлкөлөрдө биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүү жана илимий изилдөөлөрдү каржылоо маселелерин көтөрдү.
Ошондой эле Динара Кемелова Испания, Андорра, Греция, Панама, Польша, Норвегия, Камбоджа, Филиппин жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууларда тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана «Бишкек+25» саммитине катышуу маселелери талкууланды.



