Башкы беткеКоомБаатыр энелердин пенсиясын көтөрүү каралууда

Баатыр энелердин пенсиясын көтөрүү каралууда

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү киргизүү сунушталууда. Социалдык фонд тиешелүү токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордо төмөнкү суммалар сунушталууда:

  • 12 300 сомго чейин — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү;
  • 9 500 сомго чейин — I топтогу майыптыгы боюнча пенсия;
  • 5 000 сомго чейин — III топтогу майыптыгы боюнча пенсия;
  • 5 000 сом — «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге кошумча төлөм;
  • 5 000 сом — ата-энесинин биринен айрылган ар бир балага пенсиянын базалык бөлүгү;
  • 8 000 сом — ата-энесинин экөөнөн тең айрылган ар бир балага пенсиянын базалык бөлүгү.

Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объекттердеги аварияларды жоюуга катышкандарга:

  • Пенсиясы 12 300 сомдон жогору болсо — 1 000 сом кошумча төлөм;
  • Пенсиясы 12 300 сомдон төмөн болсо — пенсиясынын өлчөмүнө жараша эсептелген, бирок 1 000 сомдон кем эмес компенсация.

Кошумча төлөмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Пенсияларды кайра эсептөө жана төлөө Социалдык фондго жүктөлөт.

Белгилей кетсек, сунуштар токтомдун долбоорунда камтылган. Алар азырынча кабыл алына элек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар