Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынына катышты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыйында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кайрат Турсункулов Кыргызстандын ЭКУнун алкагында кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, соода байланыштарын кеңейтүү, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин айтты.
Мындан тышкары, министрдин орун басары ЭКУнун башкы катчысы Асад Мажид Хан жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨИЧК) башкы катчысы Султан Хаджиев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кыргыз тараптын демилгелерин ишке ашыруу маселелери каралды.

