Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларга өстү

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларга өстү

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6 пайызга көп.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө импорттун 16 пайызга, экспорттун 19,3 пайызга көбөйүшү таасир эткен. Жалпы соода көлөмүндө экспорттун үлүшү 19 пайызды, импорттуку 81 пайызды түзгөн.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасы 5,2 млрд долларга жетип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн. Бирок бул өлкөлөргө экспорт 8,2 пайызга азайып, импорт 16,5 пайызга көбөйгөн.

ЕАЭБ ичиндеги негизги соода өнөктөштөрү — Россия жана Казакстан. Алардын үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 61,5 жана 35,2 пайызды түзгөн.

Биримдикке мүчө өлкөлөр менен соода Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүнүн 36,7 пайызына барабар. Анын ичинде экспорттун 32,9 пайызы, импорттун 37,6 пайызы ушул өлкөлөргө туура келет.

Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен сооданын көлөмү 8,9 млрд долларды түзүп, бир жылда 20 пайызга көбөйгөн. Бул багыт жалпы товар жүгүртүүнүн 63,3 пайызын түзгөн. Үчүнчү өлкөлөргө экспорттун 67,1 пайызы, импорттун 62,4 пайызы туура келген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар