Башкы беткеМинистрлер кабинети“Ачык кабинет”: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоору камсыздандыруу уюмунда

“Ачык кабинет”: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоору камсыздандыруу уюмунда

Бүгүн, 13-ноябрда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунда «Ачык кабинет» программасынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — медиа тармагынын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүү, журналисттердин суроолоруна жооп берүү жана уюмдун ишмердүүлүгү боюнча коомчулукка так, ачык маалымат жеткирүү.

Жолугушууда журналисттер камсыздандыруу кызматтары, уюмдун ишмердүүлүгү, жарандардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле тармактагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорун узатууда.

«Ачык кабинет» демилгеси — ачыктыкты, айкындуулукту жана коом алдындагы жоопкерчиликти бекемдөөгө багытталган аянтча. Бул жолугушууда жоопкерчилик аймагы катары медиа тармагы белгиленип, маалымат каражаттары менен конструктивдүү кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Уюм журналисттер менен ачык диалогду улантып, коомчулукка ишенимдүү жана так маалымат жеткирүүнү маанилүү багыт катары карайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар