Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан келерки жылы билим берүүгө 134,2 млрд, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом...

Кыргызстан келерки жылы билим берүүгө 134,2 млрд, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом бөлөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2027-жылга карата бюджеттин негизги багыттарын жана жакынкы жылдарга коюлган экономикалык милдеттерди жарыялады. Бул тууралуу ал 18-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2027-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашары күтүлүүдө. Ал эми консолидацияланган бюджеттин жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сомго жетет.

Каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат:
– Билим берүү тармагына — 134,2 млрд сом;
– Саламаттык сактоого — 76,4 млрд сом;
– Социалдык коргоого — 47,3 млрд сом.

Ошондой эле 2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпулу төлөнө баштайт. Мындан тышкары, 1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар