2026-жылдын январь-октябрь айларында “Кепилдик фонд” ААК жалпы суммасы 623,9 млн сомдук 711 кепилдик берди. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын жардамы менен жарандарга 2,69 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттер берилди.
“Келечек” продуктусунун алкагында баштапкы төлөмсүз ипотека алуу үчүн 489 млн сомдук 395 кепилдик берилген. Анын негизинде жалпы суммасы 2,06 млрд сомдук ипотекалык кредиттер берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Келечек” жана “Унаа” кепилдик продуктулары 2025-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери фонд жалпы суммасы 808,7 млн сомдук 970 кепилдик берип, 3,47 млрд сомдук кредиттердин берилишине көмөктөшкөн.

