Кыргыздын кары-жашына чейин ичинен кыңылдап ырдаган “Сулууларга суктанууга акым бар” деген обон бар.
Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Бул ажайып обон – Кенжекул Мендебаировдуку, текстти – Кыргыз эл акыны Жолоочу Рысбаевдики. Бул ырды далай эле ырчылар аткарып көрдү өңдөнөт, бирок угарман журтчулугуна Кубаныч Ажыбаевдин жагымдуу коңур үнү аркылуу жетти.
Бул ырдын жаралуу тарыхы тууралуу «Сулууларга суктанууга акым бар» обонунун аткаруучусу, ырчы Кубаныч Ажыбаев мындайча эскерет:
«Аскат Мусабековдун концерти менен Нарынга барганда актёр, режиссёр Кенжекул Мендебаировго жолугуп калдым. Ал мага: “Бир ыр бар эле, угуп көрчү”, – деп сунуштады. Ырдын сөзү абдан жакты. Обону частушкага окшош экен. Ага бир аз обондук өзгөртүү киргизип, Мирлан Ниязовго аранжировка жасатып, ырдап чыктым. Ага чейин да агайдын “Кечирип кой” деген ырын аткаргам.
Алгач ырды тойлордо ырдайм деп жаздыргам. Элге тарагандан кийин ыр өзү эле радиого жетип калыптыр. Ага чейинки берген ырларымды радиодон чыгарышчу эмес. Ыр чыккандан 1 жылдан кийин эл арасында хит болуп кетти. Азыр деле “ырдап берчи” деп сурай беришет. Өмүрү узун ыр болду”.
Акын Жолоочу Рысбаев «Акым бар» аттуу ырын 50 жаш курагында жазганын эскерип, кабарчынын «Мындай ыр саптарынын жаралышына ким же эмне түрткү болду эле?» деген суроосуна тамаша-чыны аралаш: «Байбичеңиз ырларыңызды билеби деп сурагыңыз келип жатабы? Мен акынмын, калем кармайм дегендердин баары махабат, сүйүү темасынан кыйгап өтпөйт. Мен да ошолордун катарында бул темага кайрылгам. Ырды атайын бирөөгө арнап жазган эмесмин. Жөн отурсам, бир-эки сабы оюма келе калды. Аларды башымда бышырып жүрүп, бир күнү отуруп алып, бир-эки сааттын ичинде кагазга түшүрдүм. “Сулууларга суктанууга акым бар” деп ыр жазсам эле өзгөрүп кетмек белем? Байбичем мени жакшы билет, чыгармачылыгымды туура түшүнөт» деп жооп бергени бар. Эсил кайран акындын бул жообунан анын тамашакөй мүнөзү да, чыгармачылыкка болгон мамилеси да байкалып турат.
Жолоочу Рысбаевдин бул ырына обон жазганын Кенжекул Мендебаиров өзү чалып айтып, ал эми жакшы обон болгонун ырчы Анарбек Ибраев “жакшы ыр чыгыптыр, уксаңыз” деп сүйүнчүлөптүр.
Белгилүү театр артисти жана кино актёр, режиссер, композитор жана обончу Кенжекул Мендебаиров “Сулууларга суктанууга акым барга” кантип обон жаратканы кызык. Бир күнү көчөдө баратып, жерден айрык гезитти көрүп калат. Алып окуса эле Жолоочу Рысбаевдин маеги. Кызыгып окуп, аягын караса анын “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ыры кошо басылган экен. Окуп эле жактырат. Көктөн издегени жерден табылып, үйүнө жетип, пианиного отура калып 4-5 күн обонун иштеп чыгат. “Буюрса, өзүм ырдап чыгам” деп “өпкөсү көөп” өзүнө өзү батпай кубанат. Антсе байбичеси “Ээ, абышка, мунуң ыраса жакшы обон экен. Бирок, сакалың өрттөнгүр, кантип ырдайсың? Балдарың эмне дейт? Кыздарың, келиндериң эмне дейт?” дейт.
Ошентип, обон Кубаныч Ажыбаевдин аткаруусунда Кыргызстандын булуң-бурчуна жетип, “Сулууларга суктанууга акым бар” ар бир үйгө чейин кирип барат. Элибиздин карысынан жашына чейин ичинен кыңылдап ырдаган ырга айланат. Мына ошондо Кенжекул Мендебаировдун байбичеси “сен да ырдасаң болмок” деп аттиң кылыптыр, Кенжекул аксакал “сен менин убалыма калдың” деп тамашалап калат экен.
Быйыл Кенжекул Мендебаиров сексен жашка чыкты. Ал Конец формы
Жумгал районунун Кайырма айылынан. Режиссер, артист, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Тихон («Добул», А. Островский), Эдгар («Король Лир», У. Шекспир), Свидригайлов («Кылмыш жана жаза», Ф. М. Достоевский), Акоп («Ханума», Цагарели), Пазилахун («Бир каттын сыры», Ш. Эсенгулов) ролдорун баш кылып, 50дөн ашык образдарды жараткан.
80ден ашык обону бар. Белгилүүлөрү: «Сыргажан», «Бир кызга», «Туулган жерди сагынуу», «Карап турдум караан үзгөн жолуңду» жана башка. Бир нече спектаклдердин музыкасын жазган.
К. Мендебаиров кыргыз искусствосуна 66 жылдык өмүрүн арнаган инсан. Театр сынчысы Жаныш Кулманбетов айтмакчы, “баарын айтпаганда да ал жумурай кыргыз журтуна таанымал “Сулууларга суктанууга акым бар” сыяктуу хитке айланган обондун автору катары эле улуттук көркөм маданияттын тарыхында калары” шексиз.
Бүтүндөй өмүрүн кыргыздын улуттук искусствосуна опол тоодой салым кошууга жумшаган Кенжекул Мендебаиров агабызга мындан аркы чыгармачылык сапары байсалдуу болушун каалайбыз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

