Башкы беткеМинистрлер кабинетиРеспубликалык бюджеттин кирешеси 693,8 млрд сомго жетти

Республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 млрд сомго жетти

2027-жылы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарына жалпысынан 257,9 млрд сом багыттоо каралууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитетинин кеңейтилген жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом, ал эми социалдык коргоого 47,3 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул каражаттар билим берүү жана медициналык кызматтардын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттин капиталдык чыгашалары 110,7 млрд сом деп белгиленген. Анын 80,7 млрд сомдон ашыгы ички булактардын эсебинен каржыланат. Анын ичинде Барскоон — Бедел автомобиль жолунун курулушуна 17,7 млрд сом каралган. Ал эми социалдык объектилерди куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом бөлүү пландалууда.

Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого 5,3 млрд сом субсидия каралган. Жергиликтүү бюджеттерге 19,4 млрд сом трансферт жана 1,8 млрд сом үлүштүк грант түрүндө берилет.

Ошондой эле бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом бөлүү пландалууда.

Касымалиевдин маалыматына караганда, 2027-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстары 1 трлн 53 млрд сом деңгээлинде пландалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар