Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик социалдык буйрутмасынын алкагында даярдалган бул макалада улуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун өмүр жолу, чыгармачылык мурасы, элдин турмушун жана коомдогу адилетсиздикти ыр аркылуу чагылдырган чыгармалары тууралуу сөз болот. Ошондой эле акындын адамгерчилик, адилеттик, ынтымак жана эмгек жөнүндөгү ойлорунун бүгүнкү коомдогу орду, анын мурасы аркылуу жаш муунду улуттук баалуулуктарга тарбиялоонун маанисине кайрылабыз.
Кыргыз элинин тарыхында сөзү менен элдин жүрөгүнөн орун алып, ырлары аркылуу замандын үнүн, коомдун көйгөйүн жана адам тагдырын чагылдырган инсандар аз эмес. Алардын сап башында улуу төкмө акын, комузчу Токтогул Сатылганов турат. Ал ырды өнөр катары эле эмес, элдин муңун айтып, чындыкты жеткирип, адилетсиздикке каршы үн катуунун күчтүү каражаты катары пайдаланган. Анын чыгармаларында карапайым калктын турмушу, теңсиздикке болгон нааразычылык, адамдык асыл сапаттар, эмгекке жана ынтымакка чакырык кеңири орун алган. Арадан канча мезгил өтсө да, анын ырларынын мааниси жоголбой, бүгүнкү күндүн окурманына да ой салып келет. Анткени ал көтөргөн маселелердин көбү азыркы коом үчүн да актуалдуу.
Токтогул Сатылганов 1864-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Ал жаштайынан эле ырга шыктуу болуп, элдик ыр-күүлөргө кызыгып өскөн. Анын чыгармачылык таланты эрте калыптанып, төкмөлүк өнөрдүн туу чокусуна жеткен. Токтогул жаш кезинен тартып эле эл арасында ырдап, айтыштарга катышып, өзүнүн курч сөзү, терең ой жүгүртүүсү жана комуз чертүү чеберчилиги менен айырмаланган. Акынды төкмөлүк таланты менен ырларында карапайым адамдардын үнүн, алардын жашоосундагы оорчулукту жана коомдогу адилетсиздикти тайманбай чагылдырганы элге тааныткан.
Акын жашаган мезгилде коомдо социалдык теңсиздик күч алып, бай-манаптардын карапайым элге жасаган мамилеси, бийлик ээлеринин өзүм билемдиги көпчүлүктүн турмушун оорлоткон. Мындай көрүнүштөргө кайдыгер карабаган Токтогул ырлары аркылуу элдин таламын талашкан. Ал байлыкты, мансапты адамдык бийиктиктен жогору койгондорду сындап, карапайым калктын мээнетин, жашоосун жана укугун ырдаган. Ошондуктан анын чыгармачылыгы өз доорунун коомдук турмушун чагылдырган көркөм мурас эле эмес, элдин тарыхый эс тутумунун бир бөлүгү болуп калды.
Токтогулдун чыгармачылыгындагы өзгөчө орунду социалдык мазмундагы ырлары ээлейт. Анын «Беш каман» чыгармасы ошол мезгилдеги элди эзген, бийлигин жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган адамдарга карата айтылган курч сын катары белгилүү. Акын бул чыгармасында адилетсиздикти ашкерелеп, элдин эсебинен байлык топтогондордун чыныгы жүзүн ачып берген. Мындай ырларды жаратуу үчүн чоң талант менен катар кайраттуулук да керек эле. Анткени бийлик ээлеринин кылыгын ачык сындоо ар кимдин эле колунан келе берчү эмес.
Токтогулдун ырларында элдин турмушу сырттан байкоо жүргүзгөн адамдын көз карашы менен эмес, ошол элдин ичинде жашап, анын азабын өз башынан өткөргөн адамдардын жан дүйнөсү менен берилген. Ал ачарчылыкты, жакырчылыкты, теңсиздикти, карапайым адамдардын эмгегин жана тагдырын ырдаган. Ошол себептен анын чыгармалары жасалмалуулуктан алыс, турмуштун өзүнөн алынган чындыкка жакын. Акындын ырларын окуганда же укканда ошол доордогу элдин жашоосун, коомдук мамилелерди жана адамдардын ортосундагы карама-каршылыктарды көз алдыга элестетүүгө болот.
Токтогулдун өмүр жолундагы оор сыноолор да анын чыгармачылыгына терең из калтырган. Ал 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин жалган жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Туулган жеринен, үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан ажыраган акын үчүн бул өтө оор сыноо болгон. Бирок ал кыйынчылыкка моюн сунган эмес. Сүргүндө жүргөндө да комузун колунан түшүрбөй, ыр жаратып, өзүнүн эркиндигин, мекенин сагынган сезимин жана адамдык кайратын өнөр аркылуу билдирген. Анын «Туткун ыры», «Кош, апаке» сыяктуу чыгармаларында мекенге болгон кусалык, энеге болгон кусалык жана эркиндикти эңсөө терең чагылдырылган.
Адамдын чыныгы күчү кыйынчылыкты кантип жеңгенинде көрүнөт. Токтогулдун өмүрү буга айкын мисал. Ал сүргүндүн азабын тартса да, чыгармачылыктан баш тарткан эмес. Тескерисинче, башынан өткөргөн окуялары анын дүйнө таанымын тереңдетип, ырларындагы адамдык сезимдерди дагы да күчөткөн. Ошондуктан Токтогулдун образын элдин үнүн жеткирген акын катары да, турмуштун оор сыноолоруна туруштук берген, руханий күчүн жоготпогон инсан катары да баалоо зарыл.
Акындын сүргүндөн кайтып келгенден кийинки чыгармачылыгында да элдин турмушу, адамдык мамиле, жакшылык менен жамандыктын күрөшү негизги орунда турган. Ал адамдын байлыгы же даражасы менен эмес, акылы, эмгеги, жүрүм-туруму жана элге кылган мамилеси менен бааланарын ырларында улам эскерткен. Токтогулдун санат-насыят ырлары дал ушул жагынан өзгөчө мааниге ээ. Ал адамдарды ынтымакка, сабырдуулукка, акылмандыкка, эмгекчилдикке жана бири-бирине жакшылык кылууга үндөгөн. Анын түшүнүгүндө адамдын өмүрү текке кетпеши үчүн коомго пайда алып келип, артында жакшы из калтырышы керек.
Акындын «Насыят», «Терме», «Дүнүйө» сыяктуу чыгармаларында жашоонун маңызы, адамдын мүнөзү, дүйнөнүн өзгөрмөлүүлүгү жана убакыттын баалуулугу тууралуу терең ойлор камтылган. Бул ырларды бүгүн окуганда да биз үчүн байлык маанилүүбү же адамгерчиликпи? Коомдо кадыр-баркка жетүүнүн жолу мансаптабы же элге кылган кызматтабы деген суроо жаралбай койбойт. Токтогулдун чыгармалары мындай суроолорго түздөн-түз акыл үйрөтүп жооп бербесе да, окурманды туура жыйынтык чыгарууга жетелейт.
Анын лирикалык чыгармалары да акындын чыгармачылык дүйнөсүнүн кеңдигин көрсөтөт. Токтогул сүйүүнү, адамдын ички сезимин, сулуулукту, жашоонун кубанычын жана кусалыгын өзгөчөлүк менен ырдаган. «Алымкан», «Насылкан», «Кызыл жоолук» сыяктуу чыгармалары эл арасында кеңири белгилүү. Айрыкча «Алымкан» ыры кыргыз ыр өнөрүндөгү сүйүү лирикасынын мыкты үлгүлөрүнүн бири катары бааланып келет. Анда сүйгөн адамга болгон сезим, сулуулукка суктануу жана жүрөктөгү толкундануу көркөмдүк менен берилген. Бул чыгармалар Токтогулдун коомдогу кемчиликтерди сындаган акын гана эмес, адамдын жан дүйнөсүн терең түшүнө билген лирик экенин да далилдейт.
Токтогулдун чыгармачылыгын бир гана ырлары менен чектеп кароого болбойт. Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн бийик деңгээлге көтөрүп, комуз күүлөрүнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошкон. Анын комуз чертүү чеберчилиги, обон жаратуу таланты жана сөздү таамай таба билген жөндөмү элдик маданияттын өнүгүшүнө өзгөчө таасир берген. Акындын ырлары кагаз бетинде эле жашабастан, комуздун коштоосунда эл арасына тарап, муундан муунга оозеки жеткен. Мына ушундай өзгөчөлүк анын чыгармаларынын өмүрүн узартып, элдик мурастын ажырагыс бөлүгүнө айлантты.
Токтогулдун ырларындагы дагы бир маанилүү өзгөчөлүк анын адамды адам катары баалоосу. Ал коомдогу бай-кедейлик айырмачылыгына карабастан, ар бир адамдын кадыр-баркы болушу керек деген түшүнүктү чыгармачылыгы аркылуу жеткирген. Анын ырларында жалганчылык, эки жүздүүлүк, ач көздүк, текебердик сынга алынып, чынчылдык, ак ниеттүүлүк, боорукерлик жана эмгекчилдик даңазаланган. Бул баалуулуктар кайсы доордо болбосун маанисин жоготпойт. Анткени коомдун өнүгүшү материалдык жетишкендиктер менен эле эмес, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси жана руханий деңгээли менен да өлчөнөт.
Бүгүнкү күндө Токтогулдун чыгармачылыгына кайрылуунун зарылдыгы эмнеде? Азыркы коом технологиялык жактан өнүгүп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, жашоо ыргагы тездеди. Бирок адамдык мамиле, адилеттик, жоопкерчилик, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо сыяктуу баалуулуктар мурдагыдай эле маанилүү бойдон калууда. Тилекке каршы, азыр коомдо кайдыгерлик, өзүмчүлдүк, жалган маалыматка ишенүү, жеңил жол менен ийгиликке жетүүнү каалоо сыяктуу көрүнүштөр да байкалат. Айрым учурларда адамдын кадыр-баркы анын билими, эмгеги же коомго кошкон салымы менен эмес, социалдык тармактардагы популярдуулугу жана материалдык мүмкүнчүлүгү менен өлчөнүп калгандай сезилет. Мындай шартта Токтогулдун адамгерчиликке, чынчылдыкка жана акылмандыкка чакырган чыгармаларынын тарбиялык мааниси дагы да арта түшөт.
Албетте, бүгүнкү жаш муунду акын жашаган доор менен салыштыруу туура эмес. Замандын талабы, жашоо образы жана мүмкүнчүлүктөр өзгөрдү. Бирок адамдык сапаттардын баалуулугу өзгөргөн жок. Токтогул өз доорунда элдин көйгөйүн ырдаса, азыркы муун анын чыгармаларынан коом алдындагы жоопкерчиликти, өз оюн ачык айтууну, адилетсиздикке кайдыгер карабоону жана адамдык бийиктикти сактоону үйрөнө алат. Акындын өмүр жолу да жаштар үчүн өзүнчө сабак. Ал кыйынчылыктарга карабай өнөрүн улантып, элге кызмат кылууну өзүнүн башкы милдети катары көргөн. Бул бүгүнкү күндө да чыгармачыл жаштарга, билим алууга умтулган муунга жана коомдук иштерге аралашкан адамдарга үлгү боло турган сапат.
ªзгөчө жаштар арасында улуттук адабиятка, тарыхка жана маданий мурастарга болгон кызыгууну арттыруу зарыл. Анткени өз элинин тарыхын, улуу инсандарынын өмүрүн жана чыгармаларын билбеген муундун руханий тамыры бекем болбойт. Токтогулдун ырларын мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуу менен гана чектелбестен, аларды бүгүнкү жашоого байланыштырып түшүндүрүү маанилүү. Мисалы, акындын адилеттик тууралуу ойлорун азыркы коомдогу теңчилик жана мыйзамдуулук маселелери менен, эмгек жөнүндө ырларын жаштардын кесип тандоосу жана жоопкерчилиги менен, ынтымак тууралуу насыяттарын коомдогу биримдиктин зарылдыгы менен байланыштырып берүүгө болот.
Мындан тышкары, санариптик доордо Токтогулдун мурасын жаштарга жеткирүүнүн жаңы жолдорун издөө керек. Анын чыгармаларынын негизинде кыска видеолорду, аудиоподкасттарды, көркөм окууларды, анимациялык тасмаларды жана маалыматтык долбоорлорду даярдоо натыйжалуу болмок. Себеби азыркы жаштар маалыматты көбүнчө интернеттен жана социалдык тармактардан алышат. Эгер улуттук адабияттын баалуу үлгүлөрү ошол чөйрөдө жеткиликтүү, кызыктуу жана мазмундуу берилсе, жаш муундун классикалык чыгармаларга болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Улуу акындардын мурасын жаштардын тилине жана бүгүнкү маалыматтык мейкиндикке ылайык жеткирүү маданий мурастарды сактоонун да, өнүктүрүүнүн да маанилүү жолу.
Токтогулдун чыгармаларынын дагы бир баалуулугу коомду сыртынан сындап гана тим болбостон, ар бир адамды өзүнө сын көз менен кароого чакырат. Акындын ырларын окуган адам өзүнүн жүрүм-туруму, башкаларга жасаган мамилеси, коом алдындагы милдети жөнүндө ойлонбой койбойт. Чыныгы адабияттын күчү да ушунда эмеспи. Ал окурманга даяр жооп бербейт, тескерисинче, анын аң-сезимин ойготуп, өз алдынча ой жүгүртүүгө түрткү берет. Токтогулдун адабий мурасы бүгүнкү күндө да кыргыз элинин руханий байлыгы катары жашап келет. Анын ысымы менен аталган театрлар, маданий мекемелер, көчөлөр жана чыгармачылык иш-чаралар акындын эл эсиндеги ордун айгинелейт. Анын чыгармалары кыргыз адабиятынын алтын казынасынан татыктуу орун алып, көптөгөн муундарды тарбиялап келет. Бирок улуу инсандын атын сыйлоо анын ысымын мекемелерге ыйгаруу же эстеликтерин тургузуу менен гана чектелбеши керек. Эң негизгиси анын калтырган мурасын окуп, түшүнүп, андагы асыл ойлорду күнүмдүк жашоодо колдонуу.
Элдин жүрөгүнөн орун алган өнөр эч качан унутулбайт.Токтогул Сатылганов өз доорунун үнүн ыр менен жеткирип, карапайым калктын тагдырын, үмүтүн жана тилегин чыгармаларында чагылдырган. Заман өзгөрүп, коом жаңыланса да, анын ырларындагы адилеттик, адамгерчилик, ынтымак жана эркиндик идеялары өз күчүн жоготпойт. Бүгүнкү муун үчүн улуу төкмө акын – адам бойдон калуунун, чындыкты айтуунун жана элге кызмат кылуунун үлгүсү…
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

