Президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен жолугушууларды өткөрүп келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Өмүрбек Суваналиевдин акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу маалымдады.
Анын айтымында, жолугушуулардын биринде “Кыргызтесттен” өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. Мамлекет башчысы мыйзамда тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мүмкүнчүлүк каралганын гана белгилеген. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.
Алагөзов Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керектигин белгиледи. Анын пикиринде, алардын жетишкендиктерин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес.
Мисал катары ал президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыровдун жагдайын келтирди. Кадыров алгач тесттен өтпөй калып, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу билдирген. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, талапкер катары документтерин тапшыра алган эмес.
«Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?» — деген суроо койду Алагөзов.
Ошондой эле ал президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын түзүлүшүн, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдой турганын билдирди.
Алагөзов шайлоо өнөктүгү башталганын эске салып, алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер жана ушак-айыңдар көп болорун белгиледи.
Анын айтымында, шайлоо мезгилиндеги ар бир билдирүүнүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар турушу мүмкүн экенин эске алуу зарыл.

