2026-жылдын 16-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Брюсселде Европа биримдиги менен өз ара байланыштуулук жана коопсуздук маселелерине арналган экинчи жогорку деңгээлдеги министрлер жолугушуусуна катышты.
Иш-чарага Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа биримдигине мүчө 27 мамлекеттин жана бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда Медер Абакиров транспорт, санариптештирүү, энергетика жана финансылык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Атап айтканда, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу, логистикалык инфраструктураны жаңылоо, европалык инвестицияларды жана жеңилдетилген каржылоону тартуу маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле алыскы аймактарда интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, энергетикалык тармактарды жаңылоо жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу боюнча кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Сөзүнүн соңунда Медер Абакиров Европа биримдигинин санкциялык саясатына токтолуп, бул багытта европалык өнөктөштөр менен тыгыз диалогду улантууга Кыргызстандын даяр экенин билдирди.

