Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 218 миллион сом бөлүнгөн.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабууга даярдык көрүлүүдө.
Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 2703 чарчы метрди түзөт жана имарат эки блоктон турат. Анда окуу класстарынан тышкары компьютердик класс, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, ошондой эле жыйындар залы болот.
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ар бир этапта текшерилип, көзөмөлдөнүүдө.

