Башкы беткеКоомТурсуналы Бостонкуловдун ырларындагы убакыт жана түбөлүктүүлүктүн образы

Турсуналы Бостонкуловдун ырларындагы убакыт жана түбөлүктүүлүктүн образы

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында акын Турсуналы Бостонкуловдун ырларындагы убакыт жана түбөлүктүүлүктүн образы тегерегинде сөз кылсакпы деп турабыз.

Акын Турсуналы Бостонкулов Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн, чыныгы кесипкөй калемгерлерибиздин бири эле. Оригиналдуу ойлонуп, оригиналдуу жазчу.

Анын поэзиясы өзүнүн философиялык тереңдиги, турмуштук чынчылдыгы, мекенге, балалыкка, табиятка жана адамдык сезимдерге болгон чексиз мээрими менен айырмаланат. Анын ырларындагы эң башкы өзгөчөлүк – тилдин жөнөкөйлүгү жана философиялык тереңдик.

Ал татаал метафораларды же ашыкча пафостуу кооз сөздөрдү куубайт. Анын ырынын тили — абдан карапайым, кадимки турмуштук сүйлөө тилине жакын. Бирок ошол карапайым деталдардын аркасында өмүр, өлүм, убакыт жана адамдын ички дүйнөсү тууралуу терең философтук ой толгоолор жатат.

Акындын ырлары көбүнчө эки карама-каршылыктын кагылышуусунан курулат. Убакыт жана Түбөлүктүүлүк (учуп өткөн поезд vs өзгөрбөгөн карагайлар); табияттын кооздугу жана ички азап (гүлдөгөн бакча vs өзүн чокулаган жалгыз карга); гуманизм жана кырсык (жолугушууга шашылуу vs атомдук кнопка же Чернобылдын кырсыгы).

Башка акындардан айырмачылыгы жана күчтүү тарабынын интеллектуалдык-сюжеттик сүрөттөө. Т. Бостонкулов жөн гана сезимдерди уйкаштыктарга салып, ырдай бербей, ар бир ырга чакан притчалык, легендалык баяндоо же сюжеттик негиз аркылуу жан киргизет (мисалы, «Сүрөтчү жана Хан», «Буранадагы балбал таштар»). Экинчи бир айырмачылыгы – ашкере эмоционалдуулуктан качуусу. Анын лирикасы эмоционалдык жарылууга караганда, интеллектуалдык ойлонууга, салмактуу байкоого негизделген.

* * *

Өмүр бою бүркүт салып, аң уулап,
жүргөн кары каза болду бир күнү.
Кала берди кош канатын каккылап,
туурундагы үйрөтүлгөн бүркүтү.

Жарыктыкка бирге болуп бул экөө,
бул өмүрдүн ысык-суугун тойлошту.
Акырында өлүм деген көшөгө,
экөөн минтип ажыратып койбоспу…

Жөпжөнөкөй өмүр сүрүп карыя,
атак-даңкка кызыкпады таш жарган.
Күндөр болгон кызып алып шарапка,
очогуна казан аспай ач калган.

Өттү мезгил көкөлөтө кармап Туу.
Өттү мезгил тездик менен ыр ырдап —
качканындай карышкырдын айбаттуу,
кууганындай бүркүт аны шуулдап.

Эми, мына, ал кез болуп келгисиз,
картайгансып көзүндөгү жаш Аалам,
калды бүркүт атагы жок, белгисиз,
өмүргө окшоп ээси кечээ жашаган.

Бул ырдагы көркөм идея – өмүрдүн убактылуулугу, адам менен жаратылыштын мистикалык байланышы жана бүркүттүн туурунда калган жалгыздык. Ыр кыргыз элинин салттуу турмушундагы эң колориттүү образ — бүркүтчү карыя менен бүркүттүн тагдыры аркылуу башталат. Карыя «атак-даңкка кызыкпаган», «очогуна казан аспай ач калган» жөнөкөй адам. Бирок анын өлүмү — бүркүт үчүн ааламдын кулашы менен барабар.

Бул ыр эмнеси менен күчтүү? Анда акын убакыттын ылдамдыгын бүркүттүн карышкырга жулунганына салыштырат: «Өттү мезгил… качканындай карышкырдын айбаттуу, кууганындай бүркүт аны шуулдап». Бул саптардагы динамика өмүрдүн агымын абдан таасын берет.

Ырдын тузу – жөнөкөй бүркүтчүнүн өлүмүн аза күтүү катары эмес, бүтүндөй «Ааламдын карыганда көзүнөн жаш агышы» катары масштабдуу кабыл алгандыгында.

Ырда өмүрдүн өтмүштүгү, адам менен жаратылыштын киндиктеш байланышы, жалгыздык темасы козголгон. Ыр жаратылыш менен эриш-аркак жашаган кыргыз аксакалынын жана анын ажырагыс шериги болгон бүркүттүн тагдыры аркылуу түбөлүктүүлүк маселесин козгойт. Карыянын өлүмү менен бүркүттүн туурунда жалгыз калышы — руханий жоготуунун символу.

* * *

Аскаларда желбирттеген булутту
Апакемдин жоолугуна окшотуп.
Бала чакта капарга албай турмушту,
Сезбептирмин коёрлугун жоктотуп.

Өттү жылдар карегимден тартылып,
Каркырадай учуп өткөн жаздагы,
Эски, муңдуу жомок сымал айтылып,
Күбөсүндөй жаштыгымдын андагы.

Ошол күнүм жыргал беле бир күндүк,
Мындай таттуу, мындай кыска болбосу…
Көз жетпеген мелмилдеген мейкиндик,
Бул кез менен бала чактын ортосу.

Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.

Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат.

Тунук жарык көздөрүмдөн башталып,
Аппак буурул таңдын көркү тартылат.
Жумшак нурлар бийиктиктен ташталып,
Күн да тоого балалыгын калтырат.

Өмүр, бакыт, ырыскыга бөлөнүп,
Көк асмандын жарык ойноп бетинде,
Эртең менен күн тоолордо төрөлүп,
Тоо койнуна барып батат кечинде.

Билем азыр жигитчилик жашымы,
Билбейм бирок канча менин жашаарым.
Өмүр бүтсө тагдырымда акыры,
Мен да күндөй тоого барып батамын…

Ырдагы көркөм идея – балалыкка болгон сагыныч, шаардык урбанизация менен тоолук табияттын руханий тиреши. Лирикалык каарман өзүн «шаарлыкмын» дегени менен, ички жан дүйнөсү, балалыгы дагы эле тоолордо калганын сезет. Булуттарды «апасынын жоолугуна» окшотуу — поэтикалык ассоциациянын эң назик үлгүсү.

Ырдын кульминациясы анын аягында: «Өмүр бүтсө тагдырымда акыры, / Мен да күндөй тоого барып батамын…». Күн сыяктуу эле өмүрдүн кайрадан баштапкы башатына — тоого барып батышы өмүрдүн улуу айлануусу катары чечмелесек болот. Адаттагыдай эле акын тоону жөн гана суктануу менен эмес, жеке тагдырдын философиялык финалдык чекити катары сүрөттөйт.

Ырдын эң күчтүү жери — тоодон чыккан күн менен балалыктын байланышы. Акын «Күн да тоого балалыгын калтырат» деп жазып, өмүрдүн акыркы чекити кайра эле ошол баштапкы тазалыкка — тоого барып батаарын философиялык түрдө жыйынтыктайт.

 

ЖАШТЫК

Токойдон чыгабыз да темир жолго,
поездге олтурабыз вагону көп.
Калышат карагайлар терең ойдо,
телмирген жашыл жоолук, кызыл көйнөк.

Зуулдап, чимирилип дөңгөлөгү,
алыска поезд бизди алып кетет.
Капыстан өтүп кетип өмүр көбү,
күндөрдү эсептесек жетпейт эсеп.

Сагынтат жашыл токой бизди дайым.
Эңсейбиз булбул үнүн тыңшаганды.
Сүйгөнүм өзгөрүлүп жоолуктарың,
Көйнөгүң нечен ирет алмашылды.

Ал эми карагайлар биздей болуп,
поездге түшүшпөдү вагону көп.
…Башында баягы эле жашыл жоолук.
Үстүндө баягы эле кызыл көйнөк.

Ырдагы көркөм идея – мелдешке түшкөн убакыт (жаштыктын өтүп кетиши, тездик, убакыттын кайтпастыгы) адамдын өзгөрүшү жана табияттын туруктуулугу. Поезддин зуулдап баратканы — адам өмүрүнүн, жаштыктын токтобос кыймылы. Поезд — бул өмүрдүн катуу ылдамдыктагы кыймылынын метафорасы. Ал эми жол боюнда калган карагайлар — убакытка баш ийбеген түбөлүктүүлүк. Вагонго түшүп кетип жаткан жаштар өмүргө шашылса, жол боюнда калган карагайлар (жашыл жоолук, кызыл көйнөкчан токой) туруктуулуктун, табияттын түбөлүктүүлүгүнүн белгиси.

Сүйгөн кызынын «жоолуктары, көйнөгү нечен ирет алмашканы» (адамдын картайып, өзгөрүшү) менен токойдогу карагайлардын «баягы эле жашыл жоолук, кызыл көйнөктө» калышы аркылуу түзүлгөн ачык параллелизм жана контраст эң сонун поэтикалык табылга. Жаштыкты курулай өкүнүч менен эмес, поезддин жана карагайлардын метафорасы аркылуу эстетикалык деңгээлге көтөргөнү ырдын табигыйлыгын арттырат.

ТООЛОР

Жамынып жайы-кышы аппак чепкен,
Аскаңар көз талытат көккө жеткен.
Түбөлүк комузчуңар мөлтүр булак,
Түгөнбөс жылаажындай күүсүн черткен.

Жетчүдөй эңсегенге кубатыңар,
Жылдызга колуңарды сунасыңар.
Асманды түшүрбөстөн бийигинен,
Алптардай тиреп, кармап турасыңар.

Бир-бирин колтукташкан караандардай,
Бой керип бардык жерге таралгандай,
Олтурбай жашайсыңар өжөрлөнүп,
Өмүрдө тик турууга жаралгандай.

Оо, тоолор, мекендешим, айылдашым.
Картайткан түмөн-түрмөк кылып жашын.
Көтөрүп денеңерди туруп турган,
Бутуңар тик туруудан талыбасын.

Ырдагы көркөм идея – мекенчилдик, тоонун сүрү, тоого таазим этүү, аскалардын кайраттуулугу, эрки бекем кыргыз мүнөзү. Тоолор — жансыз нерсе, жөн гана рельеф эмес, алар «алптардай тиреп кармап турган» тирүү нерселер. Тоолордун асманды тиреп, өжөрлөнүп тик турушу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан кайратынын, мүнөзүнүн көрүнүшү. Ырдын аягында акын аларды «мекендешим, айылдашым» деп атап, өзүнүн тагдырын тоолор менен тыгыз байланыштырат.

Мөлтүр булактын үнү — тоонун тынымсыз чертилген күүсү. Мөлтүр булак — алардын түбөлүктүү комузчусу. Акын тоолорго кайрылып: «Өмүрдө тик турууга жаралгандай… Бутуңар тик туруудан талыбасын» дейт. Бул тилек — чындыгында өз элине, кыргыз рухуна айтылган ак тилек. Тоолорду «мекендешим, айылдашым» деп өзү менен тең тайтулап, адамдаштыруу (персонификация) ыкмасын чебер колдонгондугунда.

 

ЖОЛУГУШУУ

Бир бирин өмүр бою
издеп
таппай
жүрүшкөн
эркек-аял
бүгүн капыс
жолугушсун!
Тоорулушсун.
Сүйүп калсын бирин бири:
– Ушунча жылдан бери
сен эмнеге, сен эмнеге
жолукпай жүрдүң мага? –
деп айтсын бир-бирине.
Дайралар жылжып аккан
деңиз менен
соолушуп кала электе
жолугушсун.
Карама-каршы ойлор
бир чыгып келечекте
жолугушсун.
Жолугушсун көңүлдөр көңүл менен.
Жолугушсун жамандын жаны өлүм менен!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!!
Менин бул көзүм менен
өтө чоң
жердин шары.
Ал эми ааламдын көзү менен
кыпын эмес.

Бул өмүр наристенин көзү менен
өтө узун да,
карыянын көзү менен
өтө кыска.
Дүйнө өзү айланып турат мына табышмакка.
Демек ал табышмакты жандырмакка
Шашылгыла жолукканга, жолукканга!

Адамдар, бир-бириңе жолукканга
шашылгыла!
Жолугушсун президенттер дос болуп бир-бирине.
Жолугушсун жоокерлер мылтыгын таштап жерге –
мен кээде
ыр жазган калемимди
столго таштап салып
достор менен жолуккандай…
Жолугушуу сонун кандай!!!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!

Бир гана эки поезд
келатып эң бир катуу тездик менен
бир жолдон жолукпасын.
Анан да сөөмөй менен атомдук
куралдын кнопкасы
эч качан жолукпасын.
Жолукпасын Чэлленджер, Чернобылдар
кырсыкка экинчи ирет.

Ал эми калгандары
баары, баары, баары
жолугушсун, жолугушсун, жолугушсун
кечигип болсо дагы!
Анан ар бир жолуккандар:
– Биз эмнеге, аттиң ай, биз эмнеге
жолугушпай жүрдүк экен-а? –
деп өкүнсүн бир-бирине!

Бул ырдагы көркөм идея – адамдар ортосундагы сүйүү, мамиле, глобалдык тынчтык жана ааламдык масштабдагы ой толгоо. Ыр верлибр жанрында жазылган. Окуя эки адам жолугушсун деген изги ниет менен башталып, бара-бара бүтүндөй коомдук, саясий жана глобалдык деңгээлге чыгат.

Ырда антитеза ыкмасы ыктуу пайданылган. Бир жагынан баардык нерсенин жолугушуусун (эки ашыктын, президенттердин, жоокерлердин) кааласа, экинчи жагынан «эки поезд бир жолдон жолукпасын… атомдук кнопка менен сөөмөй жолукпасын… Челленджер, Чернобылдар жолукпасын» деп кырсыкка каршы чакырык таштайт.

Автор жеке лирикадан глобалдык согушка каршы ураанга жана гуманисттик пафоско заматта батыл өтөт. Жолугушуунун баалуулугу, жашоонун табышмактуулугу, глобалдык тынчтык жөнүндө сөзгө чакырат. Бул ырда масштабдуу философтук ойлор камтылган. Акын алгач эркек менен аялдын кечигип болсо да жолугушуусун романтикалык пафос менен ырдаса, кийинчерээк аны бүтүндөй адамзаттын биримдигине көтөрөт. Президенттердин дос болушу, жоокерлердин мылтыгын ташташы — кагылышууларга каршы айтылган гуманисттик чакырык. Жашоо — бул табышмак, аны чечүүнүн бирден-бир жолу — бири-бирине жетишүү жана жолугушуу.

 

КАРГА

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Жаз келгенге кубанбайт ал бизге окшоп,
кышты ойлонот канаттарын койгулап.

Гүлдөн гүлгө учуп-конуп көпөлөк,
Булбул безеп сайрайт ырын санаттай.
Сулуулукту бузуп турган өңдөнөт
Жаз күнүнө карга гана жарашпай.

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Өзү-өзүнө көрүнөбү тарпка окшоп,
улам-улам коет өзүн чокулап.

Ырдагы көркөм идея – ички жалгыздык, сулуулук менен азаптын тиреши. Жаз келип, гүл бүрдөп, көпөлөктөр учуп, булбул сайрап жаткан бакчада жалгыз карга кышты ойлонуп олтурат. «Өзү-өзүнө көрүнөбү тарпка окшоп, улам-улам коет өзүн чокулап» деген сүрөттөөдө психологизмдин элементтери бар. Ал карга — коомдон же айланасындагы жалпы шаңдан бөлүнүп калган, ичинен өзүн-өзү жеген психологиялык абалдын туюнтмасын билдирет. Ырдын максаты жаратылыштагы сулуулукту даңазалоо эмес, ошол кооздуктун ичиндеги экспрессивдүү карама-каршылыкты (драматизмди) көрө билгенинде.

Жаз мезгили — жашоонун, гүлдөөнүн, кубанычтын символу. Бирок ушундай кооздукта жалгыз карганын отурушу контрасттык ыкма менен берилген. Карга жаздын келгенине кубанбастан, «кышты ойлонот». Акын аны «сулуулукту бузуп турган өңдөнөт» деп сүрөттөө менен катар, карганын өзүн-өзү чокуланышы аркылуу адам жанындагы ички азапты, кыйноону же жашоодогу оор жалгыздыкты символикалуу түрдө чагылдырат.

 

Жыйынтыктап келгенде, Турсуналы Бостонкуловдун поэзиясы — философиялык сүрөттөөнүн, экспрессивдүү деталдардын жана глобалдык гуманизмдин симбиозу, сырткы жөнөкөйлүктүн артында терең философиялык маани жаткан, адамдын ички дүйнөсүн, жаратылыш менен болгон өз ара байланышын жана тарыхый эс тутумду даңазалаган өзгөчө көркөм дүйнө. Анын ырлары окурманды жөн гана суктантпастан, ойлонтууга, турмуштун ар бир кубулушуна калыс жана терең көз караш менен кароого мажбурлайт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар