Башкы беткеКоомБишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү гендердик зомбулукту жоюуну талкуулашууда

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү гендердик зомбулукту жоюуну талкуулашууда

17–18-ноябрда Бишкекте Борбордук Азиянын гендердик зомбулукту жок кылуу боюнча альянсынын III жылдык форуму өтүп жатат. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 70ке жакын мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

«Стереотиптерден теңдикке: зомбулуксуз жашоо үчүн социалдык нормаларды өзгөртүү» аталышындагы форумда гендердик зомбулуктун алдын алуу, жабыркагандарды колдоо жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо маселелери талкууланууда.

Катышуучулар 2027–2028-жылдарга карата аймактык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктап, Альянстын Жол картасын талкуулашууда. Ошондой эле билим берүүдө жана медиада социалдык стереотиптерди өзгөртүү, эркектерди жана жаштарды зомбулуктун алдын алуу иштерине тартуу маселелерине көңүл бурулууда.

Форумдун алкагында санариптик чөйрөдөгү коопсуз байланыш, аялдардын колдоо кызматтарына жетүүсү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташуусу боюнча практикалык маселелер да каралууда.

Иш-чаранын жыйынтыгында практикалык сунуштар жана мындан аркы кызматташтыктын кадамдары камтылган документ даярдалууда.

Форум Бишкектеги «Орион» мейманканасында өтүп жатат. Ал CHANGE аймактык программасы менен биргеликте, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана БУУнун Аялдар түзүмүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар