2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун жалпы активдери 17,7%га өсүп, 1 трлн 425 млрд сомго жеткен.
Ал эми кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 29,9%га көбөйүп, 658,7 млрд сомду түзгөн. Депозиттик базанын көлөмү болсо 5,3%га өсүп, 912,3 млрд сомго жеткен.
Мындан тышкары, өлкөдөгү алты коммерциялык банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарында кызмат көрсөтүүдө. Бул багыттагы каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 64,2%га өсүп, 31,6 млрд сомду түзгөн.

