Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктар туруктуу жана штаттык режимде иштеп, кардарларга кызмат көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда жана мессенджерлерде 17-ноябрда дүйнөдө глобалдык “санариптик апокалипсис” болуп, хакерлер ири банктарга чабуул жасай турганы жана кардарлардын эсебиндеги акчасы жок болуп кетери тууралуу маалыматтар тараган. Ошондой эле бүткүл дүйнөдө интернет үч айга өчүрүлөрү айтылган. Улуттук банк бул маалыматтар расмий тастыкталбаганын билдирип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
“Интернет, байланыш жана банк тутумдарында глобалдык үзгүлтүктөр болушу мүмкүн деген маалыматтар расмий тастыкталган эмес. Банктар улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып, кардарларга кызматтардын толук спектрин көрсөтүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Башкы банк жарандарды маалыматтарды расмий булактардан гана текшерүүгө чакырды. Банктык кызматтар боюнча суроолор жаралса, жарандар тиешелүү коммерциялык банктардын байланыш каналдарына кайрыла алышат.
Көзөмөлдөөчү орган банк жана төлөм системаларынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүп жатканын жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин белгиледи.

