Башкы беткеКоомБишкекте автобус тилкелерине көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте автобус тилкелерине көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерге мыйзамсыз чыккан айдоочуларга рейд өткөрүлдү.  Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар 10-12-ноябрь күндөрү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата 94 административдик протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, атайын бөлүнгөн тилкелер коомдук транспорттун, анын ичинде автобустардын тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн каралган. Бул тилкелер автобустардын жол тыгындарында кармалбай, белгиленген графикти сактап, жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине өз убагында жеткирүүсүнө шарт түзөт. Жеке менчик унаалар атайын тилкелерге чыккан учурда автобустардын кыймылы жайлап, кечигүүлөргө алып келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар