Башкы беткеМаданиятҮркүн тууралуу «Ажар» тарыхый тасмасы тартылат

Үркүн тууралуу «Ажар» тарыхый тасмасы тартылат

Үркүн трагедиясына арналган “Ажар” толук метраждуу тарыхый көркөм фильми өндүрүшкө жиберилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тасма Кыргыз киносунун 85 жылдыгына карата Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында тартылат.

«Долбоор 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуялардын бири болгон Үркүндүн 110 жылдыгына арналат. Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат. Көркөм чыгарманын сценарийи жазуучу Касымалы Баялиновдун ушул эле аталыштагы «Ажар» повестинин негизинде иштелип чыккан. Сценарийдин авторлору — Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу», – деп айтылат маалыматта.

Тарыхый драманын сюжеттик өзөгүн 1916-жылдагы Үркүн трагедиясы түзөт. Окуялар он эки жаштагы Ажардын тагдыры аркылуу баяндалат.

Долбоордун сценарийи алгач «Кыргызфильм» киностудиясынын Көркөм кеңешинде, андан соң Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешинде каралып, жактырылган. Ошондой эле Улуттук кинематография кеңешинин IV жыйынында колдоого алынган. Фильмди ишке ашыруу жана каржылоо маселелери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар