Башкы беткеДүйнөМонголиянын президенти кызматтан кетерин жарыялады

Монголиянын президенти кызматтан кетерин жарыялады

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх кызматтан кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу 17-ноябрда Associated Press агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим оппозициялык Демократиялык партиянын парламенттик фракциясы аны коррупцияга айыптап, сынга алгандан кийин кабыл алынган.

Оппозиция президентти мамлекеттик темир жол долбооруна байланыштуу каржылык пайда көргөн деп айыптоодо. Ал эми Ухнаагийн Хүрэлсүх тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирип, өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылууну көздөп жатат.

Президенттин кызматтан кетиши парламент тарабынан кабыл алынгандан кийин гана күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Ухнаагийн Хүрэлсүх 2021-жылы Монголиянын президенти болуп шайланган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар