Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында кыргыз улуттук нравалык баалуулуктардын фольклордогу мисалдары тууралуу кеп кылабыз.
Кыргыз элинин бай фольклорунда нравалык баалуулуктар башкы тема катары кеңири чагылдырылган. Мейли эпикалык чыгарма болсун, мейли макал-лакаптар тутуму болсун, нарк эрежелери асылнарк дөөлөттөр катары сыпатталган. Кыргыз элинде уят, абийир менен ар-намыс жандан артык, куну кымбат. Кыргыздардын “Малым — жанымдын садагасы, жаным – арымдын садагасы”, “Жакшы – ардын кулу, жаман – малдын кулу,” “Уят өлүмдөн катуу” ж.б. философемасы кыргыз нравалык баалуулуктарында бийик даражаны ээлейт. Көөнө кыргыздарда укуктук ченем менен нарк, нравалык баалуулук менен мыйзам бирдей иштейт, бири бирин толуктай турганын буга чейинки баяндамаларыбызда далилдегенге аракет кылган элек. Эгер ыймандык баалуулуктарды садага чабууга кечирим учурлар боло берсе, алдуу-күчтүү, тассирдүү топтор ошондой прецеденти улам түзө берсе, нарк-насилдин башын аттаганыбыз ошо. Анткени коом боло берет тура деп көнө түшөт. Коомдук пикирди тоотпоо өнөкөтү калыптанат, ыймандык илдет өөрчүйт. Экинчиден, коомдук пикирдин аброю кетти. Анткени жасалма пикир түзүү акчалуу кыйындар үчүн оңой эле нерсе окшобойбу. Өзүнүн билими жетпесе да билимдүү адистерди жалдап, Юпитердин ар жак бетиндеги инвестициялык климат тууралуу кадимкидей кеп кылып, сайкүлүк интеллектуал көрүнөт элге. Каражат болсо, ыплас технологиялар дароо ишке кирет, адистешкен аткаруучулар оголе арбын. Тролл, бот аталган виртуал фабрика бат эле жоруну бүркүт, шумкарды карга кылат, жаалданган топ бийликке кысым жасайт. Шайлоо шайлоочулардын добушу менен чечилсе да, баланча байбача бизге кайрымдуу, ошону депутат кылып бергиле деп бийликтен талап кылган митингдерди көрдүк эле го.
Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү артык
Коомдук пикирден да кыргыз үчүн өз абийири алдында жоопкерчилик кымбат эле. Сөздүн кадыры артык, куну кымбат болгондуктан, кыргыздарда буга байланыштуу бүтүндөй философия, укуктук система, коомдук бай тажрыйба калыптанган. Анын мазмуну, негизги идеялары көркөм поэтикалык чыгармаларда, кыска, бирок түшүнүктүү сентенцияларда чагылдырылган. Мисалы, “Ооздон чыкканча сөз сенин кулуң, ооздон чыккан соң сен сөздүн кулусуң” деген философема кооздук же куру чечендик үчүн айтылган жамак кеп эмес, нравалык принцип, жүрүм-турум эрежеси, моралдык милдеттенме, сөзгө, өзүнө жана өзгөлөргө мамиленин формуласы, турмуштук эреже, бийик нарк. Мисалы, бел куда. Бала төрөлө элек, балким бойго да бүтө элек. Бирок эки кыргыз белде оозеки макулдашты: “кийин мен эркек балалуу болсом, сен кыздуу болсоң (же тескерисинче), экөөнү баш коштуралы”. Болду. Күбө жок. Ошентип эки кыргыз эки жакка кетти. Нечен жыл өттү, далай суу акты, тоо бузулуп жар болду, коо бузулуп сай болду. Бирок ошол макулдашуу реалдуу мамилеге, турмуштук эң маанилүү учурду ишке ашырган, мыйзамдуу актыга айланып отурбайбы. Юридикалык негизи – оозеки макулдашуу, бирок жол-жоболоштурулган эмес. Касам ичип, антташкан да эмес. “Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун”; “Ата-арбак урсун” сыяктуу жогорку күчкө, жаратканга, ыйык нерселерге кайрылуу, бетке кармоо, таянуу, каргануу, жана башка нерселер макулдашууну же убаданы бекемдөө үчүн өзгөчө учурларда гана колдонулган. Адамдар ортосунда же айлана-чөйрөгө мамиледе өткөн чактагы, учурдагы же болочоктогу аракеттин чындыгын, аныктыгын тастыктоонун каргануу, антташуу, күбөлөндүрүү сыяктуу формалары, азыркы юридикалык тил менен айтканда, акыркы инстанциялар катары кызмат кылган. Ага жетпестен, адатта оозеки макулдашуу гана иштеген. “Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү артык” принциби иштеген. Бел куда (сватанье детей до их зачатия и рождения) – сейрек салт, уникалдуу көрүнүш. Кыргыз менен казак элинде гана кездешкен көрүнүш. Бул жерде бойго жеткен жаштардын эркинен тыш кудалашууну даңазалап, глобалдашуунун шылтоосу менен өзөгү алсырап бараткан кыргыз журтуна бел куда салтын кайтарып берейин деген максат жок. Маселе башкада. Бел куда салты сөздүн бийик баркын, бекем таасирин тастыктап турат. “Адегенде сөз болгон” деген Библиядагы концепт башка, ал жараткандын жаратман же кыйраткан сөзү. Ал эми келечекте болоору белгисиз кыялды мыйзамдуу милдеттенме, шартнаама, келишим катары эсептеп, бир ооз сөздүн эркине эки тарап тең макул болуп, ынап, далай убакыттан соң аткарып отурат. Албетте, пенделик кылып, моюн толгоп, ниети бузулуп, баш тартууга аракет кылгандар да болгон. Бирок нарк бузган, сөзүн аткарбаган безерлик катары эртеби-кечпи жазасын алган. Нарксыз, тексиз, наадан, бейтарбия атка конот жана ошого жараша жооп алат. Башкаларга мамиледе сакталган же бузулган эреже сөзсүз өзүнө карата мамилени билдирет, оң же терс кайтарымы болот. Тээ бир кездеги айтылган сөз тургай, жазылган текстти танып, “аккаунтумду бузуп кетишиптир”, “мага окшош, бирок мен эмес”, “фейк” деп сөзүн танып, убадасынан тайып тургандардын зоболосу арткан чакта уят, абийир, ар-намыс менен көрпенде кызыкчылыктар ортосунда күнүгө кармаш жүрүүдө. Биз билген жана билбеген кармаш. Ошентип, коомдук пикир жана өз абийири алдында жоопкерчилик бүгүн шайы ооп турган кези.
Эл эмне дейт
Нарксыздык эң башкы баалуулукка айланса, анда мыйзамы да шоона эшпей калат. Билгендерге баарыбыз үчүн оңой эмес собол таштады аталган жана ага мазмундаш окуялар. Адатыбызча мыйзамда так жазылбаптыр, система жаман, глобалдык кризис же жайкы аптап күнөөлү, тышкы же үчүнчү күчтөрдүн кылганы деп көнгөн шылтоону айтып кутулса да болот. Кылган иши же эси жоктук жосуну менен өлкөгө, коомго кесепети тийсе, бирок ал кесепети мыйзамда көрсөтүлбөсө, бейжооп, жазасыз калса канттик? Эл-журт, абийир, ыйман алдында жоопкерчилик болбосо, баарын мыйзам менен жөндөш кыйын. “Эл эмне дейт, катыгүн”; “Эл караган жүзүм жер карабасын”, “Башын көтөрө албай калды”, “Кирерге жер таппай калдым”… Кыргыздарда мына ушу сыяктуу ыймандык императивдер бар. Аны кээде кыргыздарды шылдыңдоо үчүн кур намыс катары карашат. А чындыгы намыс, уят – бул турмуштук мотивация, жүрүм-турумду аныктоочу адеп-ахлактык доминант.
Америкалык антрополог окумуштуу Рут Бенедикт муну башкача атайт. Биз “кур намыс” деп келекелеген көрүнүштү Бенедикт Азия элдеринин, айрыкча жапон улутунун мисалында “уят маданияты” деп атап, уят сезими тышкы коомчулуктун баасынан көз каранды менталдык реакция катары эсептейт. Журт алдында милдет жапондордо кыргыздар сыяктуу эле жандан кымбат баалуулук. Жапонияда ишканамды уят кылдым, өзүмдүн абийириме шек келди деп мурда харакири кылса, азыр кызматынан дароо кетет, элден кечирим сурайт, өмүр бою күнөөсүн жууганга аракет кылат. Америкада же Европада коомдук айыптоого тушугат, кызматынан кетет, журт алдында кечирим сурайт. Ылайым жаңылышып калсам экен, бирок бизде андай окуя 35 жыл ичинде негедир көзгө чалдыкпайт. Балким укпай калгандырмын, анда ак чөп башта. “Моралдык жоопкерчилигимди сезем. Аз айып, көп күнөө менде. Кечир, журтум” деген бир министр эсибиздеби? “Акчанын күчүнө салып шайланыпмын, убадама тура албадым, өөдүк-сөөдүк сүйлөп, өөн иш кылып, айтор ишеничиңерди актабадым” деген депутат болдубу?
Жоопкерчилик – укуктук эле жаза эмес
Ошентип, саясий жана ыйман жоопкерчилигине тике тиешеси бар суроолор арбын. Жоопкерчилик дегенде укуктук эле жазаны түшүнбөшүбүз керек. Бул ири алдыда нравалык императив, моралдык баалуулук. Мисалы, калктын саламаттыгына жооптуу кызмат адамын жарандардын ден соолугу үчүн укуктук жоопко тартуу машакаты формалдуу мыйзам алкагында оор. Юристтер айткандай, перспективасы бүдөмүк түйшүк. Кызмат адамы өзүнүн жоопкерчилигин сезмейин, ага озуйпа артуу мүмкүн эмес. Ошондуктан өзүнө жүктөлгөн кызматты, мойнуна тагылган миссияны аткаруу милдети – саясий жоопкерчиликтин предмети жана моралдык жоопкерчиликтин маӊызы. Саясий жоопкерчиликти принципке айлантуубуз керек, а принципти реалдуу ишке ашыруунун механизмдери, жол-жоболорун, критерийлерин, үлгүлөрүн иштеп чыгышыбыз зарыл. Ансыз жоопкерчилик түшүнүгү менен кызыл кулактык кылып, мына, эл алдында жооптуумун, эл талап кылып жатат деп, кыйкырыгы таш жарган уюшма бир ууч топту эл атап, өзү көксөгөн мүдөөсүн элге жамынып ишке ашырган учурлар тарыхта кездешет. Муну окумуштуулар саясий көз боёмоочулук, манипулятивдик технология деп аташат.
Ошондуктан моралдык жана саясий жоопкерчиликти тереӊ изилдеп, мыйзамдаштырып, коом үчүн түшүнүктүү, саясатчылар үчүн милдеттүү эрежеге айлантышыбыз керек. Кош жоопкерчиликти укуктук жактан бекемдешибиз керек. Бул татаал, бирок зарыл иш. Саясий бийликке ээ адамдардын чечимдеринин жана аракеттеринин коомго жана өлкөгө терс таасири, зыяны, залакасы саясий жоопкерчилик катары каралыш керек. Моралдык жана саясий жоопкерчиликтин субъекттери – албетте, кызмат адамдары, саясий жана коомдук уюмдар же жеке адамдар.
Кыргыз фольклорунда жана улуттук адабиятында сөз кадыры, абийир, ар-намыс нравалык категориялары жогорку баалуулук катары түрдүү образдар, сюжеттер, ар кандай жанрда жана формада кеңири чагылдырылган. Керек болсо эпикалык мурастардын өзөктүү идеяларынын бири нравалык баалуулуктар болгону талашсыз.
Алмаз Окин,
“Кыргыз Туусу”

