Башкы беткеСаясатV Элдик курултайга даярдык менен баралы

V Элдик курултайга даярдык менен баралы

    Элдик Курултай  –  улуттук маданият, үрп-адат жана адеп-ахлак маселелерин көтөргөн, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү боюнча элдин пикирин билдирген, тарыхый тамыры терең, конституциялык макамга ээ болгон коомдук -өкүлчүлүктүү институт катары – күн өткөн сайын мааниси, таасири артып жатканын көрүп турабыз.

 

Ошол эле учурда Элдик курултайды уюшкандыкта жана натыйжалуу өткөрүү, анда айтылган ар бир маселеден жыйынтык чыгарганга жетишүү чоң мааниге ээ. Эң башкысы практика көргөзгөндөй Курултайдан курултайга чейинки мезгилди натыйжалуу пайдалана албай жүрөбүз. Курултайга делегат шайлоодон тарта Курултай өткөнгө чейинки аралык – көбүнчө формализмге айланып калганы өкүнүчтүү.  Байкаганыбыздай Курултайдын шайланган делегатына маанилүү иш артуу маселесин жергиликтүү бийлик уюштурчу эмес экен! Ал эми делегаттан Курултайдан келгенде отчетун угуу да унутта калчу экен!

Мурда делегаттар шайлангандан кийин Курултайга чейин элди кыдырбаса, кайтып келгенде элге маалымат бербесе – эл делегатка кол көтөрүп шайлап бергенче эле керекпи деген суроо жаралат. Арабызда былтыр делегат болуп, быйыл да шайлангандар да бар. Ошолор эми элге жолугушуп, калпыстыгын жоюп алышы керек.

Мындан сырткары, эл Курултайдын маанисин жергиликтүү көйгөйдү бүт республикага жар салып маалымдоо аркылуу жогорку бийликке жеткирип чечүүгө керектүү трибуна деп билүүдөн али арыла элек. Макул айтылды, көйгөй ачыкталды дейли. Эми аны жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдар чечиши, кийинки Курултайга чейин ал маселени көтөргөн делегат эл алдында отчет бериши керек да?! Мындан ары бул  кемчилик, мүчүлүштөрдү жоюуга билек түрө киришели!

Буга байланыштуу Кочкор районунун Кум Дөбө айыл аймагынан V Элдик курултайга шайланган делегат катары Кочкор райондук мамлекеттик админинистрациясынын башчысы – аким Б.А. ДОСАЛИЕВГЕ

V Элдик Курултайды натыйжалуу өткөрүү иш аракеттерин уюшкандыкта даярдоо боюнча расмий

 

К А Й Р Ы ЛУУ

 

  1. Урматтуу Баялы Атамырзаевич! Мен Курултайга шайланган делегат катары элдин Курултайга жеткирүүчү маселесин соцтармактар аркылуу иликтеп көрсөм – талаптардын дээрлик 90% жергиликтүү социалдык, турмуш-тиричилик көйгөйлөрү экен.

Эгерде айыл Өкмөт башчысы кварталына бир жолудан кем эмес айыл элине жолугуп турганда – меселенин 60% ошол эле жерде чечилмек окшойт. Айыл Өкмөт башчылары аймак элин өз кеңсесине  чогултуп отчёт берүүсүн токтотуп, аймактын ар бир айылына өзү барып жолугуп туруудан качышпасын! Элге отчет берүүсүнүн форматы эми ушул тартипте болсун!

Эми, Курултай алдында делегаттар элдин пикирин угушу үчүн тезинен ар бир айыл Өкмөтү эл менен жолугуп отчетун берсин. Ал чогулуштарга жаңы шайланган делегаттар барып катышып элдин тапшыруусун угалы. Ошол эле кезде мурунку делегат барып элине жолугуп Курултайга катышып келгени боюнча отчетун беришсин!

  1. Айыл Өкмөт башчылары өз айыл аймагынын элине жолугуп отчетун берип келгенден кийин жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүп, Сиз дагы ошол айыл аймагынын элине отчетуңузду бериңиз. Президенттин – айыл өкмөт башчысы кварталына, аким менен губернатор жылына 2 жолудан кем эмес эл менен жолугуп отчет бергиле деген талабы бар.
  2. Айыл өкмөт башчысы менен аким Сиз чечпеген маселени делегаттар Курултай алдында Президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукканда такташабыз, чечилбей турган болсо V Элдик курултайга алып чыгабыз.
  3. Ушул үч багытта ишти максаттуу, натыйжалуу уюштуруп алып Курултайга барсак – биздин да багытыбыз айкын, маселе так, жүзүбүз жарык болор эле.

 

Шамил Усубалиев,

V Элдик курултайдын делегаты

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар