Брюсселде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин жетекчи өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алгач ал Европа кеңешинин президентинин Борбордук Азия боюнча дипломатиялык кеңешчиси Мэрилин Йозефсон менен сүйлөштү. Анда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы саясий диалогду улантуу, алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын графиги талкууланды.
Ошондой эле Медер Абакиров Европа тышкы аракеттер кызматынын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Аудроне Перкаускене менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-европалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, практикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү жолдорун карашты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар ар кандай форматтарда диалогду улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

