Башкы беткеКоомБишкекте жолду кеңейтүү үчүн алынган 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом...

Бишкекте жолду кеңейтүү үчүн алынган 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Восточная көчөсүндөгү 13 жер тилкесинин ээсине жалпы суммасы 40 млн 763 миң сомдук компенсация сертификаттарын тапшырды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жер тилкелери автомобиль жолун реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоорунун алкагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.

Компенсациянын өлчөмү жер тилкелеринин наркына жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган. Төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилди. Калган жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөө иштери да улантылууда.

Айбек Жунушалиев мүлккө байланышкан маселелер мыйзам талаптарына ылайык жана тургундардын укуктарын эске алуу менен чечилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, айрым жер тилкелеринин аянты чакан болгондуктан, аларды башка жерге алмаштыруунун ордуна акчалай компенсация төлөө чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, Элебесов көчөсүн оңдоо жана кеңейтүү иштерине тоскоолдук жараткан жети турак үйдүн ээсине бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен компенсация төлөнгөн.

Ал эми Шабдан Баатыр көчөсү менен Иманалы Айдарбеков бульварынын кесилишиндеги жол түйүнүн куруу долбоорунун алкагында 16 объекттин биринин ээсине компенсация берилди. Калган объектилер боюнча иштер уланууда.

Мэр Ленин райондук администрациясынын башчысына калган менчик ээлеринин документтерин тариздөө жана компенсация төлөө иштерин тездетүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар