Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында GPS-трекерлер системасы киргизилет. Мындай тапшырманы президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев берген. Бул тууралуу анын орун басары Талантбек Жунушев парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, трекерлер туристтин жайгашкан жерин аныктоочу жана шашылыш жардам чакырууга мүмкүндүк берген SOS баскычы менен жабдылат. Эгер адам эки саат бою кыймылсыз калса, система автоматтык түрдө белги берет.
Жунушев белгилегендей, Ала-Арчага күн сайын 5 миңден 10 миңге чейин адам келет. Айрыкча эс алуу күндөрү тоого чыккандардын саны көбөйүүдө. Мисалы, мурда Рацек аймагына 5–10 адам барса, азыр ишемби күндөрү 500–700 адамга чейин жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жаратылыш паркында куткаруу станциясы ачыларын билдирди. Ошондой эле куткаруучулардын иш алып баруу тартиби жана ички алгоритмдери кайра каралат.
Белгилей кетсек, мындай чаралар өспүрүм Амир Кунакуновдун трагедиялуу окуясынан кийин көтөрүлдү.

