Башкы беткеКоомАк Мөөр – тарыхтын унутулгус сабагы

Ак Мөөр – тарыхтын унутулгус сабагы

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик социалдык буйрутмасынын алкагында даярдалган бул макалада сүйүүгө умтулуунун, адам эркиндигинин жана коомдук адилетсиздиктин символу болгон Ак Мөөрдүн муңдуу тагдыры аркылуу өткөн доордун салт-санаасы, аялдардын тандоо укугу жана бүгүнкү күн үчүн маанилүү болгон актуалдуу маселелерге кайрылабыз.

 

Ак Мөөр баянынын тарыхы боюнча башка варианттар айтылганы менен, советтик идеологиянын таасири астында жазылган Сүйүнбай Эралиевдин поэмасынын негизинде тартылган тасмада Ак Мөөрдүн образы өзгөчө өңүттө ачылган. Бул тасмада доордун салт-санаасы, коомдук түзүлүштүн мүнөзү, бийлик менен байлыктын басымдуу таасири, ошондой эле аялдын өз тагдырын өзү чечүү укугу менен адам баласынын татаал тагдыры тууралуу терең ойго салган тарыхый окуя чагылдырылган. Бул каармандын тагдырына кайрылуу менен биз өткөндү эле эскербестен, бүгүнкү коом үчүн да зарыл болгон маанилүү суроолорго жооп издейбиз. Анткени бул баян кыргыз элинин руханий дүйнөсүндө муундан муунга өтүп, ар кандай көркөм чыгармаларда, ырларда жана элдик эскерүүлөрдө өзгөчө орунду ээлеп келет. Ошол бир адамдын тагдыры аркылуу бүтүндөй бир доордогу аялзатынын турмушу, алардын коомдогу орду жана өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүнүн канчалык чектелгени даана көрүнүп, бул көйгөйлөр кайсы доордо болбосун адамзат үчүн актуалдуулугун эч качан жоготпой келе жатат.

Ак Мөөрдүн окуясы кыргыз коомундагы салттуу түшүнүктөр менен жеке адамдын каалоосунун ортосундагы карама-каршылыкты ачып берет. өткөн доорлордо аялдын тагдыры көп учурда анын өз эркине эмес, үй-бүлөсүнүн, уруусунун же коомдогу таасирдүү адамдардын чечимине байланыштуу болгон. Кыздын кимге турмушка чыгары, кайсы үй-бүлөгө келин болору жана кандай жашоо өткөрөрү көбүнчө башкалар тарабынан чечилген. Мындай шартта сүйүү, жеке тандоо экинчи планга сүрүлүп калган учурлар болгондуктан, каармандын тагдыры дал ушул коомдук көрүнүштөрдүн адам өмүрүнө тийгизген таасирин даана көрсөтөт. Анын образына кайрылганда, биринчи кезекте аялзатынын эркиндиги жөнүндө ойлонобуз. Ар бир адамдын өз жашоосуна байланыштуу чечим кабыл алууга, сүйүүгө, бактылуу болууга жана өз келечегин тандоого укугу бар. Бирок тарыхтын айрым мезгилдеринде бул укуктар аялдар үчүн ишке ашкан эмес. Коомдогу байлык, бийлик, мансап жана салттуу түшүнүктөр адамдын жеке тагдырынан жогору коюлуп, натыйжада көптөгөн кыз-келиндер өздөрү каалабаган жашоого көнүүгө аргасыз болушкан.

Ак Мөөрдүн тагдыры ошол мезгилдеги коомдук мамилелердин дагы бир өзгөчөлүгүн ачып берет. Адамдын кадыр-баркы анын ички дүйнөсүнө, билими менен жөндөмүнө эмес, көбүнчө байлыгына, тегине жана коомдогу абалына карап бааланган. Мындай шартта аялдын тагдыры үй-бүлөлөрдүн ортосундагы мамилеге, мал-мүлккө, абройго жана башка кызыкчылыктарга байланып калып, аял кээде өз алдынча чечим кабыл алган адам катары эмес, үй-бүлөлүк мамилелердин бир бөлүгү катары каралган. Бул көрүнүш адамдык баалуулуктардын канчалык деңгээлде экинчи орунга түшүп калганын айгинелеп турат. Ошол эле учурда анын образы аялзатынын ички күчүн, сезимталдыгын жана өз бактысына болгон умтулуусун ачыктайт. Анын тагдырына кайдыгер кароо кыйын, анткени бул окуянын өзөгүндө адамдын эң негизги сезимдеринин бири болгон сүйүү жатат. Сүйүү адамды жашоого шыктандырып, үмүт берип, келечекке ишеним арттырганы менен, ал эркин тандоого жана өз ара урматтоого негизделбесе, жан кейиткен азаптуу турмушка алып келиши мүмкүн. Ак Мөөрдүн окуясы сүйүүнүн баалуулугу аны коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, адамдын эркиндиги менен айкалыштырганда гана толук ачыларын эске салат.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында аялзатынын образы дайыма өзгөчө бийик орунду ээлеп келген. Маселен, баатырлардын тиреги болгон акылман энелер, эл тагдырына кайдыгер карабаган эрктүү кыз-келиндер жана сүйүүгө бек каармандар улуттук көркөм дүйнөбүздүн бийик казынасы. Алардын ар бири өз доорунун көз карашын, коомдук абалын жана адамдык улуу сапаттарын чагылдырса, Ак Мөөр дал ушул нарктуу образдардын сап башында турат. Анын муңдуу тагдыры аркылуу биз өткөн замандагы аялдардын жашоо шартына, жан дүйнөсүнө жана коомдогу ордуна такыр башкача, тереңирээк көз караш менен баа бере алабыз. Асыресе, ар кандай тарыхый баяндардын жана чыгармалардын башкы максаты ошол мезгилдин коомдук түзүлүшүн, адамдардын дүйнө таанымын жана турмуш чындыгын ачып көрсөтүүдө жатат. Бул адабий мурас да окурманды жалаң гана кайгылуу окуяга кайгырууга эмес, терең ой жүгүртүүгө жетелейт. Анда бир адамдын сынган тагдыры аркылуу ошол коомдогу адилетсиздик, теңсиздик жана эскирген көз караштардын кесепети ачыкка чыгат. Мына ошондуктан анын образы көөнөрбөс тарыхый мурас жана бүгүнкү муунга берилген чоң руханий сабак болуп эсептелет.

ªткөн доордун бардык салттарын бирдей баалоого болбойт. Алардын арасында элдин ынтымагын бекемдеген, улууну урматтоого, кичүүнү сыйлоого, үй-бүлөнү сактоого жана адамгерчиликке үндөгөн асыл нарктар абдан көп. Кыргыз элинин улуттук маданияты дал ушундай баалуу түшүнүктөргө бай келет. Ошол эле учурда, салттын артында адамдын укугун чектеп, эркиндигин тебелеген көрүнүштөрдү актоого эч качан болбойт. Ар бир доор өзүнүн жакшы жактарын сактап калуу менен бирге, коомдун өнүгүшүнө тоскоол болгон эски түшүнүктөрүн кайра карап чыгууга тийиш. Дал ушул айырмачылыкты түшүнүүгө бул окуя бизге чоң жардам берет. Бүгүнкү күндө аялдардын укугу, үй-бүлөдөгү өз ара сый-урмат жана кыздардын билим алуусу тууралуу кеңири айтылып келет. Булар заманбап коомдун эң маанилүү багыттарынын бирине айланды. Азыр кыздар заман талабына ылайык билим алып, кесип тандап, коомдук турмушка активдүү катышып, өз алдынча чечим кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк алышууда. Бирок мунун баары өзүнөн-өзү келген жок. Аялдардын коомдогу ордун өзгөртүү жана бүгүнкү эркиндикке жетүү үчүн көптөгөн муундар күрөшүп, билимдин, маданияттын жана укуктук түшүнүктөрдүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Ошентсе да, айрым үй-бүлөлөрдө кыздардын тагдырын өздөрүнүн ордуна ата-энеси же жакындары чечүүгө аракет кылган учурлар азыр деле кездешет. Кээде жаштардын сүйүүсүнө, кесип тандоосуна, билим алуусуна же өз алдынча жашоо куруусуна үй-бүлөлүк жана коомдук басымдын тоскоолдук жараткан учурлар бар. Ошондуктан мажбурлап никеге тургузуу, эрте турмушка берүү жана кыздардын оюн эске албоо сыяктуу терс көрүнүштөр дайыма коомдун көңүл борборунда болууга тийиш. Себеби мындай жагдайлар дагы эле каармандын тагдырын эске салып турат. Албетте, бүгүнкү күндүн шарттары менен өткөн доорду толук салыштырууга болбойт, бирок адамдын эркин тандоосун сыйлоо маселеси эки мезгил үчүн тең бирдей маанилүү бойдон кала берет. Баланы тарбиялоодо өзүнүн оюн таңуулабастан туура жол көрсөтүп, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөтүү керек. Кыз болобу, уул болобу, ар бир баланын ички дүйнөсүн түшүнүү, каалоосун угуу жана тандоосун урматтоо зарыл. ¯й-бүлө баланын коопсуздугун камсыз кылган, анын адам катары эркин калыптанышына шарт түзгөн чөйрө болушу керек. Ал эми ата-эненин чыныгы мээрими баланын эркиндигин чектөө менен эмес, анын келечегине туура багыт берүүнү көздөшү керек.

Бул маселеде билим берүүнүн орду өзгөчө чоң. Тарыхты, адабиятты жана улуттук мурасты окутуу окуучуларга каармандардын ысымдарын жаттатуу менен гана чектелбеши керек, ар бир чыгарманын артында турган адамдык тагдырды, коомдук маселени жана тарбиялык маанини терең түшүндүрүү зарыл. Каармандын образын мектептерде жана жогорку окуу жайларында талкуулоо аркылуу жаштарга аялдын укугу, сүйүүнүн жоопкерчилиги, адамдык ар-намыс жана адилеттүүлүк тууралуу ой толгоого жетелейт жана жаш муунду өткөндүн сабагынан жыйынтык чыгарууга үйрөтөт. Азыркы маалыматтык доордо жаштар дүйнөлүк адабияттын, кинонун жана маданияттын ар түрдүү үлгүлөрү менен таанышып жатканы жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда улуттук адабий мурасты таанып-билүү да абдан маанилүү, анткени өз тарыхын, тилин, маданиятын жана көркөм чыгармаларын билбеген муун руханий тамырынан алыстап кетиши мүмкүн. Демек, кыргыз аялдарынын даңктуу образдары улуттук маданияттын бир бөлүгү катары жаңы муунга жеткирилиши зарыл. Аларды заманбап театрлаштырылган чыгармалар, даректүү тасмалар, телеберүүлөр, подкасттар жана санариптик контент аркылуу кеңири жайылтуу бүгүнкү күндүн талабы.

Каармандын дагы бир маанилүү жагы ал аялзатын бир гана сулуулуктун же сүйүүнүн символу катары көрсөтүү менен чектелбейт. Анын тагдыры аркылуу аялдын ички дүйнөсү, сезими, үмүтү жана жашоого болгон көз карашы толук ачылып, аялдын да коомдун толук кандуу мүчөсү, өз максаты, тилеги жана чечими бар адам экенин даана көрсөтөт. Себеби коомдун чыныгы өнүгүшү аял менен эркектин тең укуктуулугуна, бири-бирин сыйлоосуна жана жалпы жоопкерчилигине түздөн-түз байланыштуу.

Тарыхта калган кайгылуу окуяларды эстөө өткөндү айыптоо же ошол мезгилдин адамдарын бир жактуу баалоо дегендикке жатпайт. Анын негизги максаты адамзат басып өткөн жолдон туура сабак алуу. Анткени ар бир доордо коомдун өнүгүшүнө тоскоол болгон түшүнүктөр, адилетсиз чечимдер жана адам тагдырын талкалаган окуялар болуп келген. Алардын айрымдары адабиятта, элдик чыгармачылыкта жана тарыхый баяндарда сакталып калган. Ошонун ичинен Ак Мөөрдүн тагдыры да ушундай баалуу мурастардын бири. Аны окуп, талдап, кийинки муунга жеткирүү менен биз тарыхый эс тутумду сактап калабыз. Ал эми кыргыз коомунда аялзатын урматтоо, энени аздектөө, кызды сыйлоо сыяктуу асыл түшүнүктөр илгертен бери эле калыптанып келген.

Урматтоо менен көзөмөлдөөнүн, тарбиялоо менен мажбурлоонун ортосунда чоң айырма бар жана коом ушул айырманы туура түшүнгөндө гана улуттук нарк менен заманбап баалуулуктар бири-бирин толуктай алат.

Ак Мөөрдүн тагдыры бүгүнкү күндө да адамдын бактысын эч ким анын ордуна чечип бере албастыгын эскертип турат. Ата-эне баласына жакшы жашоо каалайт, коом жаштардын келечегине кам көрөт, мамлекет жарандардын укугун коргоого милдеттүү. Бирок бул аракеттердин баары адамдын жеке тандоосун сыйлоо менен айкалышканда гана чыныгы натыйжасын берет. Ошондуктан жаштардын үнүн угуу, кыздардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка жана ар кандай мажбурлоолорго каршы туруу бүгүнкү коомдун эң маанилүү милдеттеринин бири. Улуттук адабияттын чыныгы күчү да дал ушунда жатат. Себеби ал өткөндүн окуяларын бүгүнкү күндүн актуалдуу суроолору менен байланыштыра алат. Ак Мөөрдүн тагдыры дал ушундай таасирдүү чыгармалардын катарына кирип, анын баяны аркылуу биз сүйүүнүн баркын, эркиндиктин маанисин, адамдык ар-намыстын бийиктигин жана адилеттүүлүктүн зарылдыгын толук түшүнөбүз. Ак Мөөрдүн тагдыры бир доордун гана кайгысы  эмес, ал ар бир муунду адам укугун урматтоого, аялзатынын кадыр-баркын сактоого, эскирген түшүнүктөргө сын көз менен кароого жана адилеттүү коом курууга үндөгөн руханий сабак.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

 

 

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар