Башкы беткеМаданиятАстанада Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы талкууланды

Астанада Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы талкууланды

Астанада кыргыз окумуштуусу, академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине карата «Чыңгыз Айтматов жана түрк элдеринин адабий байланыштары» аттуу эл аралык конференция өттү.

Иш-чараны Түрк академиясы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту менен биргеликте уюштурду.

Конференцияда кыргыз жана казак окумуштуулары, жазуучулар жана адабиятчылар Чыңгыз Айтматовдун түрк дүйнөсүндөгү ордун, эки элдин адабий байланыштарын жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Абдылдажан Акматалиевдин кыргыз адабиятын жана Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө кошкон салымы белгиленип, анын илимий эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чара «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана төкмө акындардын өнөрү менен коштолду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар