Кара-Балта шаарында 66 блоктон турган 4 950 батир курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 20 блокто монолиттик иштер толугу менен аяктап, фасаддык иштер 95 пайызга, ал эми ички жасалгалоо иштери 80 пайызга бүткөрүлгөн.
“Долбоордо жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн мектеп, бала бакча жана унаа токтотуучу жайлар да каралган. Ошондой эле ар бир батир өзүнчө газ менен жылытуу системасы менен камсыздалат”, – деп айтылат маалыматта.
Бул долбоорлордун негизги максаты — Чүй облусунун тургундарын жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу.

