Башкы беткеМинистрлер кабинетиАбдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо үчүн комиссия түзүлдү

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо үчүн комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди жеринен изилдөө жана аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссияны маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт.

Комиссиянын курамына тарыхчылар, археологдор, илимпоздор жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Комиссия Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерге барып, изилдөө иштерин жүргүзөт. Анын жыйынтыгы боюнча корутунду жана сунуштар 20-декабрга чейин министрликке берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар