Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨлкөдө 2,3 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Өлкөдө 2,3 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстандын аймактарында быйылкы жылдын түшүмүн жыйноо иштери жыйынтыкталып, күздүк эгиндерди себүү уланууда.

Дан эгиндери боюнча республикада 617,7 миң гектар жердин түшүмү толугу менен жыйналды. Жалпы дүң түшүм 2 млн 386 миң тоннаны түздү. Анын ичинен 742,5 миң тонна буудай, 644,6 миң тонна арпа, 896 миң тонна жүгөрү жана 81,9 миң тонна чанактуу өсүмдүктөр алынган.

Картошка жана жашылча-бахча өсүмдүктөрүн жыйноо да бардык облустарда 100 пайыз аяктады. Натыйжада 1 млн 80,5 миң тонна картошка, 967,1 миң тонна жашылча жана 245,3 миң тонна бахча өсүмдүктөрү жыйналды.

Техникалык өсүмдүктөрдөн 504 миң тонна кант кызылчасы, 19,2 миң тонна пахта, 17,3 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 950 тонна тамеки алынды.

Ал эми күздүк себүү иштери уланууда. Жалпы 200 миң гектар жерге эгин себүү пландалса, азыркыга чейин анын 75,45 миң гектарына же 37,7 пайызына себүү жүргүзүлдү. Анын ичинде 71,8 миң гектарга күздүк буудай, 2,9 миң гектарга күздүк арпа себилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар