Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында мектептен өрт чыкты. Учурда аны өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт тууралуу кабар 19-ноябрда түшкөн. Саат 08:48де окуя болгон жерге Жайыл районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлгөн. Кийин саат 08:55те кошумча күч катары Жумгал районунан дагы бир бөлүм тартылган.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жалын мектептин китепканасы менен спорт залынан чыккан.

