Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин төрттүгүнө кирди

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин төрттүгүнө кирди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңеште үч каржылык документ боюнча баяндама жасады.

2025-жылга бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга киргизилген өзгөртүүлөр жана 2027–2029-жылдарга бюджеттин долбоору.

МинКаб башчысы депутаттарга биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1 пайызды, ал эми 2026-жылдын 10 айында 10,5 пайызды түзгөнүн билдирди.

 

«ЭВФтин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин төрттүгүнө кирди. ИДПнын көлөмү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 триллион сомго жакындады, ал эми 2026-жылы 2 триллион 353 миллиард сом деңгээлинде күтүлүүдө. Калктын жан башына ИДП 22,5 пайызга өсүп, 2025-жылы 3 080 долларга жетти, 2026-жылы 3 600 доллар деңгээлинде болжолдонууда», — деп баса белгиледи МинКаб башчысы.

 

Ал реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миң, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 88,3 миң жумушчу орун түзүлгөнүн белгиледи.

Негизги капиталга инвестициялар 2026-жылдын 10 айында 422,9 млрд сомго жетип, 62,9 пайызга өстү. Түз чет элдик инвестициялардын агымы 2025-жылы 1 млрд 310,8 млн долларды түздү, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 26 пайызга өсүп, 709,9 млн долларга жетти. S&P («B+»), Fitch («B») жана Moody’s («B2») эл аралык агенттиктери өлкөнүн туруктуу кредиттик рейтингдерин ырасташты.


«2025-жылдын консолидацияланган бюджети дээрлик 400 млрд сомго ашыкча аткарылып, 1,1 трлн сомдон ашты, ал эми республикалык бюджеттин кирешелери 2026-жылдын 10 айында рекорддук 693,8 млрд сомду түздү. 2026-жылы айлык акылар эки жолу — 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып жогорулатылды, ошондой эле президенттик компенсациялар киргизилди», — деп билдирди Адылбек Касымалиев.

МинКаб башчысы тышкы соода жүгүртүү 2026-жылдын 9 айында 16,6 пайызга өсүп, 14,1 млрд АКШ долларын түзгөнүн, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода 2025-жылы 6,8 млрд долларга жакындаганын маалымдады.

  • Ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын алкагында: Насыялар жылына 6 пайыз менен, ал эми тигүү тармагына — 0 пайыз менен берилет;
  • Бизнес үчүн уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскартылды;
  • 2025-жылдын 1-январынан тартып транспорт салыгы жоюлду, акциздик товарлардан башка бардык товарларга ЭТТН жоюлду, ал эми зергерлер үчүн ставка 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү;

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы аркылуу ири объектилерди курууга уруксат берүү мөөнөтү 180 күндөн 60 күнгө чейин кыскартылды, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө уруксат берүү онлайнга которулду (3 күндөн 1 саатка чейин), санпаспорт алуу 8 күндөн 4 күнгө чейин кыскарды. Адылбек Касымалиев РКӨФ 2025-жылы 176 долбоорго 239,4 млн доллар, КӨӨФ 37 долбоорго 85,4 млн доллар каржылаганын, ВКӨФ 6 долбоорго 12,9 млн доллар бөлгөнүн, ал эми АКӨФ 76,7 млн долларга 11 инвестициялык долбоорду жактырганын билдирди. Банк секторунун активдери 2026-жылдын 1-октябрына карата 24,2 пайызга өсүп, 1 триллион 504,8 миллиард сомду түздү. Мамлекет өз банктарын түп-тамырынан бери чыңдады.

«Айыл Банктын» уставдык капиталы 79,8 миллиард сомго, «Элдик Банктын» — 81,3 миллиард сомго, Өнүктүрүү банкынын — 22,7 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү.

«Элдик Банк» менен «Айыл Банктын» жалпы насыя портфели 229,6 миллиард сомго жетип, бул реалдуу секторду масштабдуу насыялоону кепилдейт», — деп жыйынтыктады МинКаб башчысы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар