Бүгүн саат 11:56да Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты көздөй 9 чакырым, ал эми Ош шаарынан 129 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 3 баллга чейин жеткен.

