Башкы беткеКоомБишкектин үч конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин үч конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

2026-жылдын 20-ноябрында Бишкектин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу саат 08:00дөн 20:00гө чейин берилбейт. Чектөө аталган конуштардагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка объектилерге тиешелүү.

Суу берүү «Контррезервуары» суу топтомосундагы трансформатордук көмөк чордонду реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Чектөө киргизиле турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

Ишкана тургундарды жана мекеме-уюмдарды сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар