Кулактан кирип, бойду алган керемет обондор болот. Мына ошондой кайталангыс обондордун бири – “Акзыйнат”.
Көчкөндө миндиң кур атты,
Көркөмгө миндиң кур атты.
Көрөр бир күнүм бар бекен,
Көркөмдүү сулуу Зыйнатты.
Айылга миндиң кур атты,
Асемге миндиң сур атты.
Апкелер күнүм бар бекен,
Айтылуу сулуу Зыйнатты.
Адырга чыккан жекенби,
Ал жекен түбү бекемби.
Ашыгым Зыйнат деп жүрүп,
Арманда өтүп кетемби.
Чоң Каракол, Четинди,
Чотумдун мизи кетилди.
Чоюлуп барып бир өпсөм,
Чоктон бир кызыл бетиңди.
Кең Каракол, Четинди,
Керкимдин мизи кетилди.
Керилип барып бир сүйсөм,
Кебезден аппак бетиңди.
“Акзыйнат” – Үмөталы ырчынын өлбөс-өчпөс махабатын даңазалаган кайталангыс керемет ыр. Тилекке каршы, “Акзыйнатты” атташтырып-бутташтырып, анын авторлугун ар кимге таңуулагандар көп. Бири билбей айтат, көбү атайылап буруп айтат. Анысын да, мунусун да түшүнсө болот.
Арийне, андай дебейли, кандай дебейли, “Акзыйнат” Үмөталы ырчынын жүрөгүнөн агылып-төгүлүп чыккан ыр экени талашсыз. Акзыйнаттын өз аты – Нуска. Нуска – Үмөталынын сүйгөнү, “Акзыйнат” Нускага карата арзуу чыгармасы. “Нуска – кушчу уруусунун кыржы элинин башын бириктирип, баштап, жетектеп алып жүргөн, казак менен кыргыздын чегин ажыратып, кыра жонго борозной салдырган ары баатыр, эр көкүрөк, намыскөй, кара жаак сөзмөр, чечен Бөлөкбай деген болуштун кызы. Нусканы кичинесинен кудалашып Аманкушчу Мендеке бай небереси Оморго алып берет. Бирок, жаштардын муназасы келишпей тез эле ажырашып кетишет. Нуска атасыныкына биротоло башын ачып ажырашып келгенден кийин, Үмөталынын мурдагы өрт болуп күйгөн сүйүүсү күчөп, мурда «кайын журту бар» деп, ачыкка чыкпай, кыргыз салтын сактап, ичте дымыган арзуу сезими кайрадан жанданып калыбына келип, оргуштап кайнап сыртка чыгат. Мына ушинтип “Акзыйнат” ыры, обону жаралат. Нуска аты мурда эле “Акзыйнат” болуп аталып, кыз оюн, алты бакан оюндарында айтылып жүрсө да, эми “Акзыйнат” кимге арналгандыгы айылдаштарга, элге айкын болуп калат. “Акзыйнат” Үмөталынын керемет үнү менен коштолуп, обого учуп чыгып, эл-жерди аралап жөнөйт…
Бир караганда, ыр эң эле жөнөкөй. Анда татаал салыштыруулар, ашыкча көркөмдүк деле жок. Бирок, ал ырда акындын Нускага болгон “чоктон ысык”, “кебезден аппак” махабаты жатат. Мизи кетилген чот менен мизи кетилген керки Үмөталынын жараланган жүрөгү. Акын Нускага болгон сүйүүсүн жан адамга ачылып айта албай, аргасы кеткенде арманын: “Ашыгым Зыйнат деп жүрүп // Арманда өтүп кетемби” деп, өзүнүн кичи мекени Кең Каракол менен Четиндиге айтып, махабат үчүн элдик салт, нарктан аттап өтүп кетпейт. Кудалашкан жери болгон соң, “Ашыгым Зыйнат” деп Нусканын да ысымын атабайт. Бетине чиркөө салып, эл арасында ушак-айыңга калтыргысы келбейт. Тагдырдын пешенеге жазганын сабырдуулук менен кабыл алат. Бул да болсо, Үмөталынын кеменгердиги, бийик адамгерчилиги десек болот.
Сүйүүдөн жолу болбогон Үмөталынын аялдан багы ачылбайт. Нуска (Акзыйнат) менен сөзү бүтүп, арзышып жүргөн убакта айылдаш, бир кездеги Чоюбек болуштун жигити, казак-кыргызга балбандыгы менен атагы чыккан Жөнөтбай ажы (төөнүн томугун жутуп жиберген) уулу Эшеналыга келинчек кылып алып берүү үчүн Бөлөкбай болушка кудалыкка түшөт. Нусканын кайрадан башы байланат. Үмөталы болсо бул кезде эки кыздуу болуп калган. Акылча деген аялы менен ажырашуу кыйындыкка турат. Акылчанын иреңи, келбети сулууча келген менен келим-кетим, конок күтүү, үй-тиричилигине жок, жөн аял болуп калат. Ушул кыйчалыш учурларда Үмөталы төкмөнүн жүрөгү кош жараланып, муң аралашкан, арман-арзуу аралашкан “Акзыйнат” ыры, обону жаралган.
Бөлөкбай болуштун кызы Нуска сулуунун аты Үмөталы төкмө тарабынан ажайып, сыймык түрүндө, элге анык аты жарыяланбай, купуя түргө өтүп, “Зыйнат” менен салыштыруу түрүндө айтылган. Бул купуялыкты Үмөталынын өз адамкерчилигин, башка адамдардын адамкерчилигин сактаган сыпайычылдыгы, акылынын тереңдиги деп түшүнсөк болот. Акзыйнатка байланыштуу Үмөталынын башка да “Акзыйнаттын селкинчек” деген ыр-күүсү (комуз менен аткарылат), “Айылдашым Акзыйнат” деген ырлары бар” делет Үмөталынын китебинде.
Үмөталы Нускага (Акзыйнат) жетпей калат да, Нуска Жөнөтбай ажынын уулу Эшеналыга баш байлайт. Эшеналы да, көргөндөрдүн айтымында, акылдуу, келбеттүү, балбандыгы да келишкен элдин сөзүн сүйлөгөн адам болгон. Кийин эле отузунчу жылдардын аралыгында дүйнөдөн кайтат. Нуска Эшеналыдан Сейиткан, Абылгазы деген эки уул, Оңол аттуу бир кыздуу болот. 40-жылдарга жакын дүйнө салат. “Үмөталынын жолдошу Чолпонбай жана молдо Түлөкул Үмөталы менен Нусканын бири-бирине болгон махабатын айткан кезде балалык кыял менен берилип укчубуз” дешер эле илгеркилер.
Үмөталы өлбөс-өчпөс махабаты Нускага арнап, “Акзыйнаттан” тышкары “Акзыйнаттын селкинчек”, “Айылдашым Акзыйнат” деген ырларды да жараткан. Ырчылык өнөрдүн кайталангыстыгы акын бир эле учурда ырдын автору, ырга жараша обонун жараткан обончу, аны күүгө келтирген комузчу, акыр аягында чыгарманы кемелине келтирип, элге жеткирген аткаруучу эмеспи. “Айылдашым Акзыйнатта” акын:
Алтындан салган билерик,
Билегиңден Акзыйнат.
Ак жүзүң Айдай келишкен,
Ай пери,
Илебиңден Акзыйнат.
Күмүштөн салган билерик,
Билегиңден Акзыйнат.
Күлгөнүң жүрөк сергиткен,
Күндөй жанды эриткен,
Күн пери,
Илебиңден Акзыйнат.
Каралаарча жайлайсың,
Кадыркеч асыл кандайсың.
Караколду жай кылып,
Кайыныңдан айбыгып,
Капталдан күтсөм барбайсың.
Четиндини жайлайсың,
Чечилчи жаным кандайсың.
Чер токойду жай кылып,
Чеки деп элден айбыгып,
Черден күтсөм барбайсың.
Айтканың мага таберик,
Айлыңа келем имерип,
Алтыным чыгып келсе деп,
Ачык жообун берсе деп,
Айсулууну жиберип.
Күлгөнүң мага таберик,
Күнүгө келем имерип,
Күмүшүм чыгып келсе деп,
Күттүрбөй жообун берсе деп,
Күлүмканды жиберип, – деп ырдаган.
Кыскасы, “Акзыйнаттын” тарыхы ушундай. Ал эми “Акзыйнат” Абдырахмандыкы, Атайдыкы же башканыкы деген сөздөр анын чыныгы элдик ырга айланып кеткенин гана тастыктап турат демекчибиз.
Жакында эле “Акзыйнатта” айтылган Кең Каракол, Четиндиге барып келдим. Үмөталы менен Нусканын жердеп, жашап жүргөн мекени, ата конушу Таластын көкүрөгүндө. Чоктон ысык сүйүүсүн чоттун, керкинин мизинин кетилиши аркылуу мүнөздөгөн ата-бабалардын жери көрүп, Үмөталы, Нускалар жашап өткөн мезгилге бир барып келгендей болдум.
Муундан муунга, кылымдан кылымга жашачу ырлар чыныгы сүйүүдөн жаралат тура, аттигиниң.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

