Ушул айынын башында Ташкент шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Армения жана Беларусь өлкөлөрүнөн 70ке жакын журналист, блогер жана санариптик контент жаратуучулар катышкан медиафорум өтүп, анын ишине “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов катышып келген эле. Кылым карыткан басылмабыздын баш редактору форумдун бийик трибунасынан сөз сүйлөп, Кыргызстандагы маалымат чөйрөсүндөгү жаңылыктар, анын ичинде басылмаьбыздын ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу форумдун катышуучулары менен ой бөлүшкөн болчу.
Кошуна өлкөлөрдүн басылмаларынын кабарчылары башкы редактор менен сапарлаш болгондогу таасирлери менен өз басылмаларынын беттеринде ой бөлүшүп жатат. Төмөндө, “Эгемен Казакстанга” жарык көргөн https://egemen.kz/news/oqy-qazaq кесиптешибиз Бану Адилжандын макаласын толугу менен жарыялоону туура көрдүк.
Жакында кылымдан ашуун тарыхы бар коңшу өлкөнүн «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов менен бир сапарда болдук. Жол үстүндөгү маегибизде ал «Окурман коомду кайра калыптандыруу» аттуу жаңы демилгелери жөнүндө айтып калды. Көрсө, бул коңшу өлкөнүн тун басылмасы көтөрүп чыккан өзүнүн атайын долбоору экен.
«Азырынча коомду ушул идеянын айланасына топтоп, интеллигенциянын колдоосуна ээ болууга аракет кылып жатабыз. Ушундайча, зарыл коомдук-саясий негизди түзүп, алгачкы шарттарды даярдап жатабыз. Эми максатыбыз — демилгени мамлекеттик деңгээлге көтөрүү», — дейт кесиптешибиз.
Басылманын бул багытта аткарып жаткан конкреттүү иштери да арбын. Илимий конференциялар, талкуулар, студенттер жана жаштар менен жолугушуулар, сынактар, чакырыктар, подкасттар… Ушул иш-чаралардын ичинен гезитте жана сайттарда жарыяланып турган «Адабий каарман жана мезгил» аттуу туруктуу рубрикасы менин кызыгуумду жаратты. Рубриканын алкагында адабий чыгармалардын каармандары менен ой жүзүндө маек куруп, көркөм чыгармаларды көркөм окуу жана башка адабий долбоорлор уюштурулат экен.
Муну укканда Габит Мүсүреповдун «Казак солдаты» романындагы милиция кызматкеринин Оралга окууга кетип бара жаткан балдарга айткан: «Окугула, балдар! Казактын окуу-билимден кур калган үлүшү көп! Атаң үчүн да оку, атаңдын атасы үчүн да оку, өзүң үчүн десең да оку», — деген сөзү эсиме түштү. Эсиңерде болсо керек, ал тургай: «Мен өзүм окубаган адаммын. Эрте төрөлүп, кеч калдым. Окубаган киши кайсы алыска бармак эле», — деп өкүнүчүн да жашырбайт. Кезинде казак балдарын окуу-билимге үндөгөн милиция кызматкеринин бул чакырыгы бүгүн да маанисин жоготкон жок.
Ырас, заман өзгөрдү, билим алууга мүмкүнчүлүк кеңейди, маалымат булактары көбөйдү. Бирок китепке болгон кызыгуунун, гезит-журнал окууга болгон ынтызарлыктын азайып баратканы мурдагыдан да көбүрөөк тынчсыздандырууда. Анткени телефонго үңүлүп, социалдык тармактарга байланып, эми жасалма интеллектке жармашкан жаштардын да, улуу муундун да колуна китеп карматуу барган сайын кыйындап баратат.
Маалымат агымы күчөгөн азыркы заманда китеп окуу маданиятын сактап, аны жаштар арасында жайылтууга багытталган конкреттүү иштер биздин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүүдө. Президент быйыл 16-майда «Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана билимдүү улутту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул документтин алкагында китеп окууну жайылтуу, китепкана ишин жаңылоо, Улуттук санариптик китепкана платформасын түзүү жана «Билимдүү улут» концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу системалуу милдеттер белгиленди. Жети багытты камтыган «Китеп окуган улут» республикалык марафонунун максаты да — китеп окууну белгилүү бир курактагы балдардын гана милдети эмес, бүтүндөй коомдун орток маданиятына айландыруу.
Жакында Маданият жана маалымат министрлиги бул масштабдуу марафонго бир миллиондон ашуун адамды тартуу пландалып жатканын маалымдады. Катышуучулар атайын түзүлгөн тизмедеги казак жана орус тилдериндеги 300дөн ашык чыгарманын ичинен өздөрүнө жакканын тандап, 15 китепке чейин окуй алышат. Демилгенин алгачкы жыйынтыктары да кубандырат. Марафон башталгандан бери катышуучулар социалдык тармактарда окуган китептери тууралуу 55 миңден ашык видео-пикир жарыялоого жетишкен. Сынактын кийинки этабында ар бир аймактан эң мыкты 10 окурман тандалып, алардын ичинен 200 катышуучу Астанада өтө турган республикалык финалда күч сынашат. Ал эми чечүүчү мелдеште алдыга озуп чыккан эң мыкты 10 окурмандын ар бирине 10 миллион теңгеден сыйлык тапшырылат. Бул — китеп окууга кызыктырууга багытталган олуттуу колдоо гана эмес, окуу маданиятын коомдук турмуштун маанилүү баалуулугуна айландыруу аракетинин да көрүнүшү.
Мындан бир кылымдан ашык убакыт мурда Мыржакып Дулат уулу «Ойгон, казак!» деп ураан таштаганда, анын максаты уйкуда жаткан улуттун аң-сезимин ойготуп, элди окуу-билимге, цивилизацияга умтултуу болгон. Улутту ойготкон ошол асыл максаттын мааниси бүгүн да өзгөргөн жок. Тескерисинче, маалымат ташкыны акыл-ойдун тереңдигин алмаштыра албаган, ал эми экранга байланып калган убакыт китеп менен сырдашууга мүмкүнчүлүк бербеген азыркы доордо кайрадан китеп окууга бет буруунун мааниси ого бетер арта түштү.
Демек, «Ойгон, казак!» деген ураан улуттун аң-сезимин серпилтүүнү көздөсө, бүгүн ошол аң-сезимди китеп менен байытуу маселеси актуалдуу болуп турат. Анткени бүгүн бизге китепти сыйлык алуу үчүн гана барактаган эмес, билимди байлыктан жогору койгон, китеп окууну руханий муктаждык катары кабыл алган муун керек. Биз акчадан да китепти жогору баалаган муунду тарбиялашыбыз зарыл. Анткени ойгонгон улут китеп окуудан кол үзбөшү керек.
Оку, казак!
Билимдүү улут гана дүйнө жүзүнө төрөлүк сөзүн айта алат.
Бану АДИЛЖАН, “Эгемен Казакстан”

