Башкы беткеКоомБишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары боюнча рейддер жүрүүдө

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары боюнча рейддер жүрүүдө

Бишкекте жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана уруксатсыз курулуштарды жүргүзүү фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда.

Муниципалдык кызматкерлердин текшерүүсү 10-ноябрда Биринчи май районундагы “Алтын-Казык” конушунда жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө бош жаткан жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн эки фактысы, анын ичинде пайдубал куюу учурлары аныкталды. Ошондой эле №122 даректе өз алдынча тургузулган эки дубал буздурулду.

13-ноябрда Свердлов районундагы “Красный Строитель-2” конушунда жана Рассвет айылында текшерүү жүргүзүлдү. Айыл чарба багытындагы жерлердин чектери каралып, мыйзамсыз басып алуу жана курулуш фактылары аныкталган жок.

Мындан тышкары, Октябрь районундагы №232 жана №151 контурларда, Ленин районундагы №546 контурда да рейддер өтүп, мыйзам бузуулар катталган эмес.

Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Рейддерден тышкары, муниципалдык кызматкерлер жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатышат. Анда жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана уруксат документтери жок курулуш жүргүзүү үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат берилүүдө.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жер мыйзамдарын сактоого жана тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар