Глобалдык айылда Фукидиддин тузагынан кантип качууга болот?
Россия, Кытай жана АКШнын лидерлеринин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында тарыхта биринчи жолу үч тараптуу жолугушуусу кадимки дипломатиялык иш-чаранын алкагынан чыгып, эл аралык система олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирип, алдыңкы державалардын ортосундагы карама-каршылыктар кооптуу мүнөзгө ээ болгон мезгилде өттү.
Серепчилер белгилегендей, бул сүйлөшүүлөрдүн өзү эле чоң саясий мааниге ээ. Анын башкы себеби – үч мамлекет дүйнөдөгү эң ири өзөктүк арсеналдарга, эбегейсиз экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ жана эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө таасир эте алат. Ошентсе да сүйлөшүүгө даяр болуу өз ара макулдашууга жетишүү дегенди билдирбейт. Негизги маселе лидерлердин тынчтык тууралуу саясий билдирүүлөрү чыр-чатактардын алдын алуучу конкреттүү механизмдерге айландыра алабы деген суроодо турат.
Глобалдык күн тартиби
Жолугушууда талкууланган маселелердин тизмеси бүгүнкү күндө коопсуздук, экономика жана геосаясат бири-бири менен канчалык тыгыз байланышта экенин көрсөттү. Лидерлер өзөктүк согуштун алдын алуу, стратегиялык туруктуулук, эл аралык укук, Украинадагы жаңжал, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, соода-экономикалык байланыштар жана аймактык кризистер жөнүндө сүйлөштү. Мындай кеңири темалардын камтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби өзөктүк курал аркылуу ооздуктап туруу саясатын державалардын мамилесинен бөлүп кароого болбойт: энергетикалык рыноктор саясий чечимдерге көз каранды, ал эми аймактык жаңжалдар дүйнөлүк масштабдагы тирешүүгө айланып кетиши толук мүмкүн.
Си Цзиньпиндин «Фукидиддин тузагына» түшүп калбайлы деп айтканы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Бул жерде күч алып келе жаткан держава менен дүйнөлүк лидерлик позициясын сактап калууга көнүп калган мамлекеттин ортосунда кагылышуу коркунучу бар деген ой жатат. Азыркы шартта сөз, албетте, биринчи кезекте АКШ менен Кытайдын мамилеси жөнүндө болууда. Вашингтон дүйнөлүк лидерлигин сактап калууга умтулса, Пекин экономикалык, технологиялык жана аскердик таасирин күчөтүүдө. Эки күч борборунун атаандаштыгы соодага, жасалма интеллектке, жарым өткөргүчтөрдү чыгарууга, Тайванга жана Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздукка түздөн-түз таасир этүүдө.
Жолугушууда Си ири державалардын тынчтыкта жанаша жашоосунун өз ара урматтоо, тынчтыкта жанаша жашоо, пикир келишпестиктерге карабастан орток кызыкчылыктарды издөө жана биргелешип өнүгүү аттуу төрт принцибин сунуштады. Тагдырлары бири-бири менен байланышкан адамдар жашаган «глобалдык айыл» жөнүндөгү түшүнүк да ушул багытта айтылды.
Үч күч борборунун ортосундагы Борбор Азия
Жолугушуунун жыйынтыктары үч державанын кызыкчылыктары кесилишкен мейкиндикке айланган Борбор Азия үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кытай соодадагы катышуусун кеңейтип, инфраструктурага инвестиция салып, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Россия олуттуу экономикалык жана аскердик-саясий позицияларын сактап келет. АКШ болсо Евразия саясатынын маанилүү багыты катары карап, Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштарын чыңдоого умтулууда.
Москва, Пекин жана Вашингтондун ортосундагы чыңалуунун басаңдашы экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаары шексиз. Бирок тескери коркунуч да бар: ири державалардын ортосундагы макулдашуулар чакан мамлекеттердин кызыкчылыктарына алардын түздөн-түз катышуусуз эле таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан Борбор Азия геосаясий соодалашуунун объектисине айланып калбашы үчүн аймактагы мамлекеттер өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп, өз ара сооданы, транспорттук байланыштарды жана тышкы экономикалык саясаттагы координацияны өнүктүрүүгө тийиш.
Кыргызстан үчүн сүйлөшүүлөрдүн мааниси үч мамлекеттин тең тышкы саясий жана тышкы экономикалык байланыштарында маанилүү орунду ээлегени менен аныкталат. Кытай – республиканын ири соода өнөктөшү. Россия — негизги экономикалык өнөктөштөрдүн бири жана эмгек миграциясынын башкы багыты. АКШ эл аралык каржы, соода жана дипломатиялык кызматташтыктын маанилүү катышуучусу болуп саналат. Державалардын ортосундагы карама-каршылыктардын жумшарышы эл аралык сооданын шарттарын жакшыртып, кыргызстандык экспорттоочулар үчүн тобокелдиктерди азайтып, инвестиция тартууну жеңилдетиши мүмкүн. Бул жагынан санкциялык саясат, эмгек мигранттарынын акча которуулары жана транспорттук каттамдардын өнүгүшү өзгөчө мааниге ээ. Маселен, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу республиканын Евразиядагы логистикалык позициясын бекемдей алат. Алдыңкы экономикалык борборлордун ортосундагы мамилелер канчалык туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болсо, мындай долбоорлорду ишке ашырууга ошончолук кеңири шарт түзүлөт.
Ошол эле учурда Бишкек экономикалык келечегин үч державанын мамилесинин жакшырышына гана байлап койбошу керек. Кыргызстан көп багыттуу саясатты ырааттуу жүргүзүп, бир өнөктөш менен кызматташтыкты башкалары менен мамиле түзүүгө тоскоолдук кылбаган деңгээлде өнүктүрүүгө тийиш.
Жолугушуу күтүлгөн натыйжаларды бердиби?
Азырынча бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Башкы жыйынтык – сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшү. Лидерлер диалогду улантууга даяр экенин ачык билдирип, эл аралык коопсуздук үчүн өз өлкөлөрүнүн өзгөчө жоопкерчилигин моюнга алышты, саясий билдирүүлөр менен практикалык макулдашуулардын ортосунда байланыш бар-жоктугун эми убакыт көрсөтөт.
Дональд Трамп жолугушууга өзөктүк арсеналдарды кыскартуу жана эл аралык жаңжалдарды жөнгө салуу маселелеринде тарыхый кадам катары баа берүүнү көздөгөн. Бирок конкреттүү милдеттенмелер боюнча бир пикирге келүү оңой эмес. Кытай өзөктүк потенциалын чектөөгө шашылбайт. Анткени АКШ менен Россиянын өзөктүк арсеналдары Кытайдыкынан кыйла чоң. Мындан тышкары, 2026-жылдын февралында СНВ-III келишиминин мөөнөтү аякташы стратегиялык туруктуулук маселесин өзгөчө курчутту.
Украинадагы жаңжал боюнча да тараптардын көз караштары айырмаланат. Путин аны жөнгө салуунун шарттарын талкуулоого кызыкдар, Трамп ортомчулук ролун көрсөтүүгө умтулат, Пекин өзү согушка түз катышпагандан кийин үч тараптуу форматты европалык жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө айландырууга даяр эмес.
Жолугушуу өттү, лидерлер өз позицияларын ортого салышты. Макала даярдалып жаткан учурда өзөктүк куралсыздануу, Украина же Иран боюнча үч тараптуу ачык макулдашуулар жарыяланган жок. Шэньчжэнь жаңы Ялтага айланды, жаңы дүйнөлүк тартиптин контурларын аныктады деп айтууга негиз байкалбайт. Болгону жолугушуу кызыкчылыктары канчалык карама-каршы келбесин, алдыңкы державалар түз байланыш каналдарын сактоонун зарылдыгын түшүнөрүн көрсөттү. Шэньчжэндеги жолугушуунун башкы сабагы, менимче, дал ушунда.
Курманбек МАМБЕТОВ,
«Кыргыз Туусу».

